Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:29

Талапкерлер Жапаров менен Тагаев КТРКдагы дебатка келген жок


Садыр Жапаров менен Рашид Тагаев.
Садыр Жапаров менен Рашид Тагаев.

Президенттикке талапкерлер Садыр Жапаров менен Рашид Тагаев 29-декабрда Коомдук телерадиоберүү корпорациясындагы (КТРК) теледебатка келген жок.

«Садыр Жапаров менен Рашид Тагаев бир күн мурда кат жазып, аймактардагы жолугушуулардын графигине байланыштуу бүгүнкү дебатка катышпай турганын билдиришкен», - деди телетаймаштын алып баруучусу Алмаз Касымалиев.

Дебатка президенттикке дагы башка талапкерлер Мыктыбек Арстанбек, Имамидин Ташов, Арстанбек Абдылдаев жана Элдар Абакиров катышууда.

Президенттикке жарышкан саясатчылардын КТРКдагы теледебаты 28-декабрда башталып, ага алты талапкер - Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Бактыбек Калмаматов жана Каныбек Иманалиев чыкты.

30-декабрда калган талапкерлер - Бабыржан Төлбаев, Курсан Асанов, Равшан Жээнбеков, Жеңишбек Байгуттиев, Улукбек Кочкоров жана Абдил Сегизбаев дебатка катышат. Ушуну менен дебаттын биринчи айлампасы жыйынтыкталып, экинчиси 6-январда башталат.

Президенттикке талапкерлердин дебаты үчүн КТРКдан эки жарым сааттык бекер убакыт берилет. Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 10-январда өтөт. 18 талапкер 15-декабрдан бери үгүт иштерин жүргүзүп жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG