Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:15

Калиева: Судья Камил Осмоналиевге кылмыш иши жайында эле козголгон


Камил Осмоналиев.
Камил Осмоналиев.

Жазык кодексинин «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен шектүү катары кармалган Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиевге кылмыш иши жай мезгилинде эле козголгон. Бул тууралуу Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева 29-декабрда «Азаттыктын» эфиринде сүйлөп жатып айтты.

«Анын иши УКМКнын азыркы жетекчисинин учурунда эмес, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине жайында катталган. Бул ишти азыр гана билинди деп айта албайсың», - деди Калиева.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) шектүү судьяны 14-декабрда кармаган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Камил Осмоналиев киреше булактары жок туруп көптөгөн кыймылсыз мүлктү, Ысык-Көлдүн жээгинен абройлуу пансионаттардан коттеждерди, соода борборлорунан коммерциялык объектилерди жана люкс-класстагы автоунааларды сатып алган. Мыйзамсыз тапкан мүлкүн башка кишилерге каттатып, өзү Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, АКШ жана башка мамлекеттердин курорттук аймактарына байма-бай каттап турган.

Ошондой эле ал коммерциялык ишканалардын бирине биргелешкен ишкерлик жүргүзүү максатында декларацияда көрсөтүлбөгөн 150 миң АКШ долларынан ашык акча бергени тууралуу маалымат бар.

Мындан сырткары, өзүнүн чечими менен Бакиевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктүн бир бөлүгүн мамлекеттештирүү боюнча 2010-жылдагы Убактылуу Өкмөттүн декретин жокко чыгарып, мамлекеттик казынага миллиондогон сом чыгым келтирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Кыргызстанда тапкан кирешесине жараша жашабаган шектүү судьялар бар экенин айтып, мындай фактылар иликтенерин билдирген.

Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиев УКМКнын бул билдирүүсүнө жооп кайтара элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG