Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:37

Жөө күлүк Мария Коробицкая Олимпиадага жолдомо алды


Мария Коробицкая мара сызыгын басып өтүп жаткан чагы. 6-декабрь, 2020-жыл. Ташкент шаары. (Сүрөт Өзбекстандын Жеңил атлетика федерациясына таандык).
Мария Коробицкая мара сызыгын басып өтүп жаткан чагы. 6-декабрь, 2020-жыл. Ташкент шаары. (Сүрөт Өзбекстандын Жеңил атлетика федерациясына таандык).

Кыргызстандык жеңил атлет Мария Коробицкая 6-декабрда Ташкент шаарында өткөн Ташкент эл аралык марафонунда олимпиадалык нормативди аткарып, Токио-2020 Олимп оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Жеңил атлетика федерациясы билдирди.

Анын маалыматына ылайык, Мария Коробицкая аталган марафондо 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 26 мүнөт 42 секундада чуркап өтүп, марага жеткен. Ал марафондун баш байгесин утуп, олимпиадалык нормативди аткарган. Марафондо олимпиадалык норматив 2 саат 29 мүнөт 30 секунданы түзөт.

Коробицкаянын жолдомосу - Кыргызстандын капчыгындагы алтынчы олимпиадалык жолдомо. Буга чейин кыргызстандык беш спортчу Жапонияда өтчү Олимп оюндарына жолдомо алган. Алар - балбандар Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азизбеков, суучул Денис Петрашов жана жеңил атлеттер Юлия Андреева менен Дарья Маслова.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдиргендей, 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимпиадага 20га жакын спортчунун лицензия алууга мүмкүнчүлүгү бар. (GT)

XS
SM
MD
LG