Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:35

COVID-19: Токио кайрадан өзгөчө абалга кайтат


Жапон премьер-министри Ёсихидэ Суга өкмөт дүйшөмбүдө Токиого өзгөчө абал жарыялоо маселесин карай турганын билдирди/
Жапон премьер-министри Ёсихидэ Суга өкмөт дүйшөмбүдө Токиого өзгөчө абал жарыялоо маселесин карай турганын билдирди/

АКШын саламаттык сактоо тармагындагы жогорку даражалуу аткаминерлер мөөнөтү аяктап бараткан президент Дональд Трамптын коронавируска байланыштуу сандар жөнүндө айткандарын четке кагышты.

Дональд Трамп чуу жараткан билдирүүсүн 3-январда "Твиттердеги" баракчасына жазды. Трамп өлкөдөгү Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын-алуу борбору "башка мамлекеттерге салыштырмалуу эсептөөнүн күлкү келерлик ыкмасын колдонот, мунун айынан оору жуккандардын жана бул илдеттен көз жумгандардын саны өтө ашыра көрсөтүлгөн", деп билдирди.

Ал ошондой эле өлүмдүн себебин тактай албай калган учурда аны коронавирус менен байланыштырып коюшарын кыйытты. Бирок Трамп буга байланыштуу кандайдыр бир ынанымдуу далилдерди келтирген жок.

АКШнын башкы хирургу Жером Адамс CNN телеканалындагы маегинде расмий эсептен күмөн саноого негиз жоктугун билдирди. Башкы инфекционист Энтони Фаучи да Трамптын айткандарын жокко чыгарды. Ал ошондой эле жарандарды жапырт эмдөө өнөктүгүн жактады.

Ушул күнгө карата Кошмо Штаттарында "Pfizer/BioNTech" жана "Moderna" вакциналары 4,2 миллион адамга сайылды. Бул расмий божомолдорго караганда кыйла аз. Буга чейин жаңы жылга карата 20 миллион адамды эмдөө пландаштырылган эле.

Фаучи азыр бир күндө 500 миңдей адам эмделип жатканын белгиледи жана бул өнөктүк адеп башталган күндөргө караганда алда канча көп экенин айтты.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин эсебинде, АКШда коронавирус болгондордун саны 20,6 миллион адамдан ашып, 351 миңден көп бейтаптын өмүрү кыйылды. Дүйнө жүзүндө болсо ооругандардын саны 85 миллион адамга жетти, бул илдеттен 1,8 миллиондой киши көз жумду.

Оору азайбай жаткан чакта дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде жапырт эмдөө башталды. Кытайдын борбору Бээжин шаарында вакцина алуу үчүн миңдеген адамдар кезекке турушту. Бул өлкө чыгыш жылнаамасы боюнча келерки айда Жаңы жыл майрамын белгилейт, Бээжин ошого карата миллиондогон адамды эмдеп үлгүргөнү жатат.

Жыл жаңырар алдында өлкөнүн саламаттык сактоо органы жергиликтүү "Sinopharm" фармацевтикалык компаниясы жасаган вакцинаны колдонууга уруксат берген. Препарат 79 пайызга чейин натыйжалуу деп айтылган.

Жапон премьер-министри Ёсихидэ Суга өкмөт дүйшөмбүдө Токиого өзгөчө абал жарыялоо маселесин карай турганын билдирди. Өлкөнүн борборунда оору жуккан учурлар көбөйүп, ооруканалар толо баштады. Жапонияда 31-декабрда 4,5 миңден ашык учур катталды. Мындан улам борбор калаа менен анын жака белиндеги үч префектура өзгөчө абал жарыялоо боюнча өкмөткө кайрылышкан.

"Декабрь айында Токиого жана ага коңшу префектураларга келген-кеткендер азайган жок. Жаңы жыл майрамдарында ооругандардын саны кыскарган жок жана дагы деле жогору бойдон калууда. Мени бул абал өтө тынчсыздандырат жана мындан дагы күчтүү чаралардын зарылчылыгын сездик", деди жапон премьер-министри.

Суга өкмөт дагы кандай кошумча карантин чараларын киргизерин тактаган жок.

Жапонияда коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө абал өткөн жылдын башында жарыяланып, бир айдан ашыгырак убакыт созулган. Бул өлкө оору менен натыйжалуу күрөшкөн мамлекеттердин катарында турган. Пандемиянын айынан былтыр Токио Олимпиада оюндары өтпөй калган. Жапон бийлиги иш-чараны 2021-жылга калтырган.

Суга олимп оюндары быйыл өтөөрүн, келерки айдын аягынан тартып жапырт эмдөө башталарын айтты.

XS
SM
MD
LG