Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:04

Азиялык мелдеште Жоламан менен Акжол алтын утту


Жоламан Шаршенбеков/
Жоламан Шаршенбеков/

Кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов Казакстандын Алматы шаарындагы спорттук күрөштүн түрлөрүнөн Олимпиадага жолдомо берүүчү Азиялык мелдеште алтын байге утту. Алтын байге менен катар балбандар олимпиадалык жолдомонун ээси болду.

Олимп оюндарына жолдомо берүүчү Азиялык мелдеш 9-мартта башталып, алгачкы күнүндө грек-рим күрөшүнүн балбандары килемге чыккан жана кыргызстандык беш балбан күч сынашты.

60 килограммга чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков финалда Кытайдын балбаны Валихан Сайликени 4:3 эсеби менен жеңсе, Акжол Махмудов 77 килограммга чейинки салмакта жапониялык Шохей Якибу 7:3 эсеби менен утуп алды.

Акжол Махмудов.
Акжол Махмудов.

97 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Үзүр Жусупбеков алтын байге үчүн беттеште ирандык Мухамаддхади Саравиге 10:0 эсебинде жеңилип, күмүш медаль тагынды.

Cпорттук күрөш боюнча Азиялык квалификациялык мелдеш 11-апрелге чейин уланат. Грек-рим күрөшүнөн сырткары эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшүнөн таймаштар бар. Бул мелдеште финалда күрөшкөн балбандарга гана Олимп оюндарына жолдомо берилет. Кыргызстандан 13 балбан барган.

Буга чейин кыргызстандык алты спортчу Жапониядагы жакы Олимп оюндарына жолдомо алышкан. Алар - балбандар Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азизбеков, суучул Денис Петрашов жана жеңил атлеттер Юлия Андреева, Дарья Маслова жана Мария Коробицкая.

Токиодогу эл аралык мелдештер 2021-жылдын июль-август айларында өтөт. Олимпиада 4 жылда бир ирет уюштурулат. Былтыр - 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу Токиодогу башкы эл аралык мелдеш быйылкыга жылдырылган. (GT)

XS
SM
MD
LG