Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:16

Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына чет элдик көрүүчүлөр киргизилбейт


Токио шаары. 2020-жылдын 23-июлу.
Токио шаары. 2020-жылдын 23-июлу.

Токиодо 2021-жылы жайында өтүүчү Олимпиада оюндарына чет өлкөлүк көрүүчүлөрдү киргизбөө тууралуу чечимди уюштуруучу комитет коронавирус пандемиясына байланыштуу кабыл алды.

Эми оюндарга билет сатып алган 900 миңден ашуун күйөрмандардын акчасы кайтарылып берилмекчи. Мейманкана, жол кире жана башка чыгашалар эске алынган эмес.

Ошондой эле чет өлкөлүк ыктыярчылардан баш тартылышы жана оюнга келүүчү делегациянын санына чектөө киргизилиши да күтүлүүдө.

Уюштуруучулар башкы орунда оюнчулардын жана жапон элинин коопсуздугу турганын белгилешти. Жапон өкмөтү Олимпиада оюндарына чет өлкөлүк көрүүчүлөрдүн келүүсүнө каршылыгын билдирген. Өлкөгө кирүү тартиби дагы катаалдандырылган.

Коронавирус пандемиясынан бери Жапониянын өзүндө 450 миңден ашуун киши бул вируска чалдыккан. Сегиз миңден ашуун киши оорудан көз жумган. Жапонияда чектөөлөр болгону менен карантин киргизилген эмес.

Токиодогу Олимпия оюндары 2021-жылдын июль-август айларында өтөт. Олимпиада 4 жылда бир ирет өтөт. Былтыр - 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу Токиодогу башкы эл аралык мелдеш быйылкыга жылдырылган.

Кыргызстандык алты спортчу Жапонияда өтчү Олимпиада оюндарына жолдомо алышкан.

Алар - балбандар Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азизбеков, суучул Денис Петрашов жана жеңил атлеттер Юлия Андреева, Дарья Маслова жана Мария Коробицкая.

XS
SM
MD
LG