Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Ноорузга карата куттуктоолор келүүдө


Нооруз майрамы. (Фото архивден)
Нооруз майрамы. (Фото архивден)

Сауд Арабиянын Королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд өзүнүн мураскери, ханзаада Мухаммад бин Салман менен чогуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кат жолдоп, жалпы элди Нооруз майрамы менен куттуктады.

Кыргызстандын мамлекет башчысын жана кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен Казакстандын туңгуч президенти, Эл башы Нурсултан Назарбаев, президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухамедов, Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон, Ирандын мамлекет башчысы Хасан Роухани куттукташты.

Куттуктоо ээлери президент Садыр Жапаровдун ишине ийгилик, жалпы кыргызстандыктарга бакубат жашоо каалашкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG