Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

Бүгүн – Нооруз майрамы


Бишкекте белгиленген Нооруз майрамынан бир көрүнүш. (Фото архивден, 2019-жыл 21-март)
Бишкекте белгиленген Нооруз майрамынан бир көрүнүш. (Фото архивден, 2019-жыл 21-март)

Бүгүн – 21-мартта калган Азия чөлкөмүндөгү бир катар мамлекеттер менен катар эле Кыргызстанда да Нооруз майрамы белгиленүүдө.

"Нооруз" - байыркы фарс тилинин "науризи" деген сөзүнөн алынып, кыргыз тилинде "нау" – “жаңы”, "рузи" – “күн” деген маанини билдирет.

Ачык булактарда, анын ичинде Википедияда айтылган маалыматтар боюнча, Совет бийлиги учурунда Нооруз майрамын белгилөөгө тыюу салынып келген. Майрамдоого уруксат 1988-жылы гана берилген. Бирок Кыргызстан бул майрамды жыл сайын белгилөөгө эгемендүүлүк алганда гана жетишкен.

"Нооруз" - "жыл башы", "жаңы жылдын башы" майрамы.

Ал эски жыл эсеби боюнча 21-мартта белгиленет. Мүчөл эсеби мына ушул күнгө туура келет. Бул күнү күн менен түн теңелет.

Бишкекте өткөн көк бөрү мелдешинде оюнчу тай казанга улак ыргытууда. (Фото архивден)
Бишкекте өткөн көк бөрү мелдешинде оюнчу тай казанга улак ыргытууда. (Фото архивден)

Кыргыз элинде эски жыл аяктап, эртен жаңы жыл деген күнү өткөрүлүүчү ырым-жырым салты "жыл ажыраш" деп аталган. Бул учурда арча, чекенди, адырашман түтөтүп алас айтылат:

Алас, алас,
Ар балээден калас,
Эски жыл кетти,
Жаңы жыл келди.
Алас, алас,
Айдан аман,
Жылдан эсен,
Жакшылыкты Теңир берди,
Жарык күндү кеңири берди.
Орообуз данга толсун,
Оозубуз нанга толсун!
Алас, алас - деп үйдү, там-ташты, мал-жанды аласташкан.

Жаңырган жылда эл журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары жана эгин берекелүү болушун тилеп, кудайга, жер-сууга, тоо-ташка сыйынып жалынган, арпадан, буудайдан көжө, сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, айыл-апасы менен чогуу ичишкен.

Ноорузда жаңы кийимдер кийилет, жакшы тилектер айтылат, айлана көрккө бөлөнөт. Жаш-карынын баары чогулуп улуттук оюн-зоокторду ойношкон.

Казакстанда өткөн Нооруз майрамынан бир көрүнүш. (2019-жыл)
Казакстанда өткөн Нооруз майрамынан бир көрүнүш. (2019-жыл)

Илгери Нооруз күнү бир кош өгүзгө соко кошуп, жер бетин алгач жолу тилишчү. Айдоого бороз салып бараткан дыйкандын артынан ээрчиген жоон топ кишилер этектериндеги үрөндүк буудайдан кочуштап чыгышып, элдик ырларды созолонтуп ырдашкан.

Нооруз - токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын, жаз майрамы катары белгиленген.

Ноорузда адатта сүмөлөк жасалат. Дасторкон жайылат. Жакындарга, туугандарга каттап, ал-жай сурашып, каалоо айтуу салты калыптанып келатат.

Cүмөлөк бышыруу. (Фото архивден. 2017-жылдын 20-марты. Кыргызстан)
Cүмөлөк бышыруу. (Фото архивден. 2017-жылдын 20-марты. Кыргызстан)

2009-жылы Нооруз ЮНЕСКО тарабынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизилген.

Быйыл – Бишкек шаарында эпидемиологиялык абалга байланыштуу Нооруз кеңири белгиленбес болду. Мындай чечимди мэрия кабыл алды. Бирок, 21-март - иш күн эмес.

Акыркы жылдарда Кыргызстанда Ноорузда адатта улуттук оюндар болуп, кызуу мелдештер, анын ичинде "Эрендердин эр оюну" аталган көк бөрү кызуу өтүп келатат. Быйыл бул оюн Чолпон-Атада болууда (төмөндө видеодо).

XS
SM
MD
LG