Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:48

"Жаңы жылдын" сценарийи жаңыра элек


Ала-Тоо аянтындагы Нооруз майрамы. 21-март, 2017-жыл.

Кыргызстанда Нооруз майрамы расмий түрдө биринчи жолу 1989-жылы 21-мартта Фрунзе шаарында белгиленген. Архивдик сүрөттөрдөн Кожомкул атындагы спорт ордосунда ар кандай жаныбарлардын куурчактары бийлеп, оркестр ойноп, акындар менен артисттер өз өнөрлөрүн тартуулап жатканын көрсө болот. Борбордук аянттагы Нооруз салтанатында быйыл кандай өзгөчөлүктөр бар?

Нооруз майрамы дегенде аластаган Умай эне, кементай кийген Кыдыр ата көз алдыга тартылат. Ала-Тоо аянтында ар улуттун өкүлдөрү ырдап-чордоп, көчөт кыздардан, адискөй бийчилерден түзүлгөн топтор тегерене бийлешет. Эстрада ырчылары обон созот. Улуттук спорттук оюндар боюнча мелдештер өтөт. Бул Нооруз келген сайын кайталанчу көрүнүш.

Бишкектин чок ортосунда сейилдеп жүргөн Сезим Семетей кызы жогорудагыдай сценарий жыл сайын кайталана бергени үчүн майрамдык иш-чараны көрүүгө кызыкпай калганын айтып берди:

- Жыл сайын эле кайталана берген көрүнүш. Теледен көрүп калабыз. Бирөөсү чыгып ырдайт, бирөөсү жасалма сүйлөйт. Кыргызча кийинип алышат. Нооруз майрамына сүмөлөктү такап коюшат. Мен өзүм жекече бул майрамга маани деле бербейм.

Сезимдин курбусу Бекзаданын пикири да ушундай:

- Азыр жашоо өнүгүп атпайбы. Нооруз майрамына деле башка бир жаңылыктарды кошуп, өнүксө жакшы болот эле да.

Театр режиссеру Шамил Дыйканбаев жаштардын Ала-Тоо аянтында жана жер-жерлерде өткөрүлүп жаткан Нооруз майрамы көп жылдан бери окшош сценарий менен өтүп келатканын танбайт.

Шамил Дыйканбаев. Сүрөт "Facebook" социалдык түйүнүндөгү өздүк баракчасынан алынды.
Шамил Дыйканбаев. Сүрөт "Facebook" социалдык түйүнүндөгү өздүк баракчасынан алынды.

- Ооба, бизде күнөө бар. Туура эле айтып жатышат. Биз, режиссерлор, изденбейбиз да. Болгону көп жылдардан бери келаткан салттарды көргөзүп гана коюп, аныбызга ыраазы болуп басып жүрөбүз. Чынында анын айынан расмий белгиленип жаткан майрамдардын сценарийлери бир гана калыпка түшүп калды. Жаштардын айтканында жүйө бар. Аны моюнга алыш керек. Негизи эле эгемендик майрамыбыздан баштап расмий маданий иш-чараларыбыздын баары эле, көптөгөн концертерибиз да эч кандай өзгөчөлүксүз эле өтүп келатат. Менимче театралдык оюн-зоокту коюп бере турган жакшы чыгармачыл топ түзүлбөй жатат. Анан ортодо ачыгын айтканда каражат аз болуп, же бөлүнгөн акчанын жарымы желип кетет деп ойлойм.

Дыйканбаев, мисалы "Көчмөндө оюндарынын" ачылышы өзгөчө эсте каларлык өткөнүн, себеби ага астейдил көңүл бурулганын айтты. Ал Ала-Тоо аянтында өткөн майрамдарга деле ошондой мамиле болсо деп тилек кылат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү Рыскул Боронбаев Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамын өткөрүү он жылдан ашуун убакыттан бери Бишкек мэриясына, ал эми аймактардагы иш-чаралар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына табышталганын билдирип, буларды кошумчалады:

- Көтөрүлгөн маселе туура эле. Албетте, Ноорузду белгилөөнүн өзүнүн салттуу эрежеси бар. Режиссер ал чектен чыга албайт. Сүмөлөк кайнатуу турган нерсе. Андан аркысы театралдык оюн-зоок, бий, концерт берүү менен бүтүп калып жатат. Ошол оюн-зоокту өзгөчө кылып койсо болот. А бирок негизги өзөк Умай эне менен сүмөлөктө да.

Бишкек шаардык мэриясынын маданият бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Урмат Белекбаев быйылкы Нооруз майрамын белгилөөдөгү өзгөчөлүктөрдү айтып берди:

Урмат Белекбаев.
Урмат Белекбаев.

- Өзгөчөлүк деп айтсам жаңылбайт болушум керек. Ак Босого жаңы конушунда быйылкы майрамга карата тушоо кесүү ырым-жырымдарын көрсөтүшөт. Свердлов районунда да көптөгөн маданий-массалык иш-чаралар өтөт. 20-мартта Келечек, Бакай-Ата, Энесай, Ак бата конуштарында чоң иш-чаралар уюштурулган.

Белекбаев Нооруз майрамын өткөрүүгө быйыл шаар капчыгынан 1 миллион 100 миң сомдой акча сарпталганын, каражат негизинен Ала-Тоо аянтын жана негизги көчөлөрдү жасалгалоого, көрнөк-жарнактарды илүүгө жана шөкөттөө иштерин аткарууга жумшалганын айтты.

Театр ишмерлер бирикмесинин жетекчиси Жаныш Кулмамбетов өлкөдө өтө турган расмий майрамдар негизинен жыл сайын эле чектелүү бир топторго тапшырыларын, андыктан коюлган маданий иш-чаралар көбүнчө кайталанма болуп каларын кошумчалады:

- Өткөрө турган топко конкурс жарыялап коюш керек. Мунун оптималдуу вариантты ошол. Ноорузга чейин эки ай мурун конкурс жарыялап, анын тыянагы менен тапшырмалар берилип, каржылоо процесси башталышы керек.

Бишкек шаардык мэриясынын маданият бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Урмат Белекбаев Нооруз майрамын өткөрүүчү чыгармачыл топ, анын ичинде режиссер тендердин негизинде тандалып алынарын билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

XS
SM
MD
LG