Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:59

Нооруз жөнүндө талаш мамлекеттүүлүктү эске салды


Президентке караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия экс-муфтий Чубак Жалиловдун Ноорузду майрамдоого каршы сөздөрүн кескин айыптап чыкты.

Ошондон улам комиссия Аалымдар кеңешинин төрагасына кайрылды. Аалымдар кеңеши жана анын төрагасы Абдышүкүр Нарматов, Чубак Жалилов өзү да азырынча комментарий бере элек.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев да диний себептерден улам Жаңы жыл, Нооруз өңдүү майрамдарды майрамдоого каршы чыккандарга жол бербеш керек экенин эскерткен.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Чубак Жалиловдун Ноорузду майрамдоого каршы айтылган сөздөрүнө Аалымдар кеңеши баа беришин талап кылып жатат. Мекеменин басма сөз катчысы Назгүл Кадырназарованын айтымында, Жалиловдун айткандары коомду бөлүп-жарат, этикалык-моралдык баалуулуктарды бузат, басмырлоо, Конституциядагы дүйнөбий принципке каршы келет:

Нооруз майрамы.
Нооруз майрамы.

- Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Чубак Жалиловдун коомчулукта резонанс жаратып, анын кесепетинен коомчулукту бөлүп-жарууга алып келе турган билдирүүсүнө баа берүү тууралуу талап койду. Чубак Жалиловдун коомдогу мындай чакырыгы этикалык жана моралдык баалуулуктарды бузууда, ар түрдүү диний агымдардын жана уюмдардын өкүлдөрүнө карата ачык-айкын дискриминациялык мүнөздө экендиги көрүнүп турат. Нооруз майрамы Кыргызстандын Эмгек кодексиндеги расмий майрамдардын тизмесине киргенин комиссия белгилейт. Ноорузду майрамдоодон баш тартуу чакырыгы - Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген дүйнөбий принциптерге ачык тирешүүнү билдирет. Мындай ыкма ханафий мазхабынын принциптерине жана ислам салттарына, Кыргызстан элинин маданий баалуулуктарына туура келбейт.

Нооруз майрамы, 21-март, 2017
Нооруз майрамы, 21-март, 2017

Чубак Жалилов Ноорузду майрамдоого каршы пикирин буга чейин далай жолу билдирген. Ушул тушта социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып жаткан сөздөрүн качан, кайсы жерде айтканы белгисиз:

- Бир адамдар бар, өздөрү теңирчи. Анан "сен ушинтип айтасың", - дейт. Анарбек Усупбаев деген "каапыр" бар. Анарбек Усупбаев деген мени менен телевизордон айтышкан. "Сага Нооруз, башкасы деле боло берет, бизге болбойт, сен мусулман эмессиң, сага жаназа да, кабыр да, нике да, келме да жок" дегем. Менин айтып жаткан сөзүм - "мусулман болом, мусулманчылыкты карманам" дегендерге. "Сен "теңирчи болом, тозокко түшөм" десең башкадан сура, "Зима не будет" дегенден сура, менден сураба" дегем.

"Азаттык" Чубак Жалилов менен байланышып, пикирин билүүгө аракет кылды, бирок майнап чыккан жок.

Чубак Жалиловдун пикирлеши, адвокат Акин Токталиев ал майрам тууралуу шарияттын негизинде гана түшүндүрүп берди деп эсептейт:

Акин Токталиев.
Акин Токталиев.

- Чубак ажы бир гана "ал күн майрам экени шариятта жазылган эмес, андай майрам жок, каалагандар майрамдай бергиле, динге ишенгендер, дин туткандар майрамдабай эле койгула" деп жатат. Бул Чубактын сөзү эмес, бул исламдын шариятында жазылган. Ал болгону шариятты гана түшүндүрүп берип жатат. Ага "ушуну майрамдасак болобу же болбойбу" деп суроо берип жатышат. Ал "болбойт, шариятта жазылган эмес" деп жатат. Муну Чубак ажы айтпай эле, илгертеден бери эле айтылып келе жатат. Мусулмандардын эки эле майрамы бар, бул Курман айт менен Орозо айт. Анда Жогорку Кеңеш "бизге Куран, сүннөт каршы келет, аны пайдаланбагыла" деген мыйзам кабыл алсын. Анан ошондо Чубак ажы айтпай калат. Эмнеге эле Чубак ажыга асылып калышты, билбейм. Мисалы, сиз муфтийге барып "Ноорузду майрамдаса болобу" деп сурасаңыз, ал деле "болбойт" деп жооп берет.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы, муфтий Максат Токтомушев, Аалымдар кеңеши жана анын төрагасы Абдышүкүр Нарматов да комментарий бере элек.

Нооруз элдик-салттык майрамбы же динийби?

Нооруз элдик-салттык майрамбы же динийби?

Дин чөйрөсүндө Ноорузду майрамдоо керекпи же жокпу деген суроолор кызуу талкууланып келет. "Азаттык" мына ушул маселенин тегерегинде талкуу уюштурду.

"Азаттык" Аалымдар кеңешинин бир катар мүчөлөрүнө кайрылды. Ниязалы Арипов бул тууралуу кеңештин катчылыгы жооп берерин айтты:

- Бул боюнча биздин Аалымдар кеңешинин катчылыгы расмий жооп берет. Ошолорго кайрылсаңар. Мен Аалымдар кеңешинин мүчөсү катары комментарий бергеним туура эмес болуп калат. Эми жыйында бул маселелерге сөзсүз көңүл бурабыз да. Катчылыктан жооп алганыңар туура болот го дейм.

Аалымдар кеңешинин дагы бир мүчөсү Замир Ракиев болсо Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экс-муфтий тууралуу билдирүүсү жөнүндө укпаганын билдирди:

- Муну биз тактап туруп жооп береличи, тактайлы. Менин кабарым жок экен. Тактап туруп анан жооп берейинчи.

Дин маселелери боюнча талдоочу Канатбек Мурзахалилов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын соңку кайрылуусун кубаттап жатат жана Чубак Жалиловдун сөздөрүнө укуктук баа берилиши керек деп эсептейт:

Канатбек Мурзахалилов.
Канатбек Мурзахалилов.

- Бүгүнкү күндө Чубак ажы кыргыз дин аалымдарынын ичинен формалдуу эмес чоң күчкө айланып калды. Анын тарапташтары, таламдаштары да көбөйдү. Социалдык тармактардагы медиа каналдарында да угуучулары, таламдаштары көбөйдү. Өлкөнүн булуң-бурчуна барганда анын баянын, насаатын угууга миңдеген адамдардын барганы бул адамдын таасири күч алганынан кабар берет. Акыркы билдирүүлөрү менен коомду экиге бөлгөнгө чакырык таштап койду. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын аракетин туура деп эсептейм. Бизди Баш мыйзамдын, динге тиешелүү мыйзамдардын алкагында бул кишинин айткандарына тиешелүү баа берилиши керек. Аалымдар кеңеши шарияттын негизинен чыга албайт. Анын айткандарына Дин комиссиясы, тиешелүү органдар укуктук, моралдык, саясий баа бериши керек.

Эксперт Нурлан Исмаилов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Чубак Жалилов тууралуу Аалымдар кеңешине кайрылганын эп көргөн жок:

Кимдир-бирөө "31-августту майрамдабагыла, мен СССРдин жактоочусумун" деп чыкса анысы мамлекеттик түзүлүшкө, конституциялык түзүлүшкө каршы келет.

- Аалымдар кеңеши же бир эксперт болбосо же мамлекеттик расмий уюм болбосо, эмне кылып баа берет? Эмнени чечет? Эми алар "ажы силердики, кичине тарбиялап койгула" деген мааниде кайрылышса керек. Мен бул нерсени түшүнгөн жокмун. Экинчиси - бул ажыкенин өзүнүн пикири деп ойлойм. Мисалы, анын "эки аял алгыла" деген чакырыгы юридикалык жактан мыйзамсыз чакырык. "Майрамдабай эле койгула, мен майрамдабайм" дегени анын пикири. Бардык эле адамдын оозунан чыгып кетиши мүмкүн. Бирок Нооруз расмий майрам да. Анан "расмий майрамды майрамдабагыла" дегени канчалык деңгээлде мамлекеттин укуктук саясатына каршы келет деп талдаш керек. Себеби аны мамлекет жөн жерден расмий майрам кылган жок. Анын тарыхый, маданий баалуулуктарын эске алды да. Ошондуктан ушул багытта караш керек. Мисалы, кимдир-бирөө "31-августту майрамдабагыла, мен СССРдин жактоочусумун" деп чыкса анысы мамлекеттик түзүлүшкө, конституциялык түзүлүшкө каршы келет. Дин иштери боюнча комиссия анын айткандарын экспертизага жана укук коргоо органдарына бериши керек.

Нооруздагы Бишкек.
Нооруздагы Бишкек.

Кыргызстанда соңку кездери диний себептерден улам Жаңы жыл, Нооруз өңдүү майрамдарды майрамдоого каршы чыккандар көбөйүп жатат. Кайсы бир аймактарда Жаңы жылдык балатыны орнотууга тыюу салган, сындырып кеткен учурлар катталган.

2017-жыл жаңырар алдында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги балаты майрамында Жаңы жыл, Нооруз майрамдарынын мааниси терең экенин, тарых менен байланышы бар экенин айткан жана аны майрамдоого жолтоо болуп жаткандарга жол бербеш керек экенин эскерткен.

Мындан эки жыл мурун Чубак ажы Жалилов “ахмадийлер” тууралуу айткандары боюнча Ошко милициясына чакырылган. Андан бир жыл илгери Ошто “ахмадий” агымынын бир мүчөсү киши колдуу болуп өлгөн эле. Маркумдун жакындары "Жалилов бул агымды ачык каралап, диний кастыкты козутту" деп тартип коргоо органдарына даттанган. Мурунку муфтий болсо “ахмадийлерди” “мусулман эмес” жамаат катары сыпаттап, бирок өз дарегине айтылган дооматтарды четке каккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG