Линктер

дүйшөмбү, 21-август, 2017 Бишкек убактысы 22:00

Ак калпак күнү катары белгиленип келе жаткан 5-март жакында улуттук кийимдер күнү деп аталып калышы ыктымал. Жогорку Кеңеш былтыр кабыл алынган токтомго ушундай өзгөртүү киргизүүнү болжоп, аны коомчулуктун талкуусуна чыгарды.

Парламент күнү, Манас күнү өңдүү даталарды киргизүү демилгелери Жогорку Кеңеште маал-маалы менен көтөрүлүп турат. Бул жолу улуттук кийимдер күнүн белгилөө демилгесин депутат Айнуру Алтыбаева көтөрдү. Депутаттын сунушунун негизинде даярдалган токтом долбооруна караганда, улуттук кийимдер күнүн белгилөө жаштардын атуулдук сезимин ойготуп, мекенчилдикке тарбиялоого жардам берет, ата мекендик жеңил өнөр жайдын жана туризмдин өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет.

Ушуга эле үндөш токтом долбоору Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде да даярдалып жатыптыр. Бул тууралуу Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Ринат Бакеев билдирди:

- Баарын камтыган салттуу маданият күндөрү деген токтом долбоорун иштеп чыктык. Анын ичине ак калпак, салттуу музыка, боз үй сыяктуу салттуу маданияттын баары камтылган майрамды күзүндө белгилейбиз деп турабыз.

Боз үй тигип жаткан жаштар.
Боз үй тигип жаткан жаштар.

Ошентип, бул эки токтомдун бирин Жогорку Кеңеш, бирин өкмөт чыгарып берсе, улуттук баалуулуктарга арналган майрамдарды жазында бир, күзүндө бир өткөрүп калчудайбыз. Булардан тышкары жыл бою улуттук буюм-кийимдерге арналып уюштурулуп, салтка айланып бараткан расмий, бейрасмий көптөгөн иш-чаралар да бар.

Анткен менен улуттук баалуулуктарга атайын бир күндү арнаган мамилени колдоого албагандар да бар. Тарыхчы Кыяз Молдокасымов буларга токтолду:

- Улуттук кийим болобу, калпак болобу кыргыз үчүн 365 күн бирдей болушу керек. Калпак күнүн өткөрүп баштадык, анан эми элечек күнүн өткөрө башташты. Ушинтип кете берсек бир күнү маасы күнүн өткөрүп калышыбыз мүмкүн. Ошон үчүн буларды майдалап отурбай, ар бир кыргыздын аң-сезимине жете турган иш-чара өткөрсөк болмок. Анан улуттук кийим күнү дегенге тарыхчы катары ичим чыкпады.

Ала-Тоо аянтындагы Нооруз майрамы.
Ала-Тоо аянтындагы Нооруз майрамы.

Улуттук кийимдердин акцияларын өткөрүп жүргөн активист Улан Үсөйүн бир күндүк майрамдар эмес, ырааттуу мамлекеттик саясат болушун каалайт:

- Бир күндү белгилеп коюу менен балуулактарды сактап калабыз деген туура эмес. Ал үчүн атайын программа, балким мектепте сабактар керек. Ошол улуттук кийимдер деле азыркы заманга ылайыкташпаса, аны кийип жүрүү мүмкүн эмес.

Кыз куумай оюнунда ат чаап бараткан кыз.
Кыз куумай оюнунда ат чаап бараткан кыз.

Журналист Гуля Алмамбетованын пикиринде, мындай демилгелер, адатта, мамлекеттик кызыкчылыкка караганда, жеке саясатчынын атын чыгаруу кызыкчылыгына жакыныраак:

- Эми бул саясий эле пиар. Улуттук кийимдер пиар болушу үчүн көп кадамдар керек. Мамлекет же депутаттар ушундай долбоорлорду көтөрүп чыкканда карапайым эл колдобойт. Мамлекеттик кызматта иштегендер айла жок колдоп, буйруктарын аткарат.

Жыл сайын 5-мартта кыргыз коомчулугу, ишкер чөйрө ак калпакты даңазалап, түрдүү иш-чараларды уюштурушат. Ак калпак күнүн белгилөө демилгесин 2011-жылы кинорежиссер Рысбек Жабиров көтөрүп чыккан. Демилгени Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 29-мартында чыгарган токтому аркылуу расмийлештирген болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG