Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

Ак калпак - ыйык таберик


“Көк асаба” гезити “улуттук дем” деген рубриканын алдында бул ирет Көл өрөөнүндөгү айтылуу жети акенин бири Кыдыр аке жөнүндө баянды тартуулады.

“Тил жана маданият” гезити мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Бишкек мэриясынын бөлүм башчысы Элвира Ниязбекованын маегин жарыялады. “Кыргыз тили” коомунун алгачкы төрагасы болгон акын Камбаралы Бобуловдун ырлары да жарык көрдү.

Акушер-гинеколог Эрмек Турганбаеванын маеги “Иммунитети жогору болсо бала оорубайт” деп аталат.

Гезиттин бөбөктөргө арналган “Тайбөбөк” бети да “Тил жана маданият” гезитинин бүгүнкү санында.

“Көк асаба” гезити “улуттук дем” деген рубриканын алдында бул ирет Көл өрөөнүндөгү айтылуу жети акенин бири Кыдыр аке жөнүндө баянды тартуулады.

Жазуучу Абдымамбет Сариевдин “Намыс деген эмне?” деп аталган эмгегинен үзүндү басылды.

Салмоор Дыйкановдун улут тууралуу ой-толгоосу, канткенде кыргыз улуту күчтүү болот, канткенде элибизде биримдик болот деген ойду камтып, мисалы, көптү көргөн еврейлердин урааны: “Ар бир еврей ар бир еврейге милдеттүү” деп аталарын, кытай менен япондор да элин еврейлерден кем калбаган каада-салт, ар-намыс менен сактап келатканын, мамлекетти башкарам деп келген жетекчилердин эки түрү болорун, биринчисинде мамлекеттин башчысы элдин кулу болсо, экинчисинде эл мамлекеттин башында турган кишиге кул болорун, бирок байыртан эле эркин жашаган кыргыздар эч качан кул болбогонун, ар бир кыргыз кыргыз үчүн деп жашап, каада-салтын, жашоо-мүнөзүн сактап калганда гана кыргыз болуп сакталып каларын кеп кылды.

“KG Групп” курулуш компаниясынын башкы директору Имамидин Ташовдун “Батанын баркы бийик, бата алган адамдын багы ачылат” деген интервьюсу да гезит окурмандарга тартууланды. Курулушчу Имамидин Ташов куруп жаткан турак үйлөрүнүн атын “Манас”, “Бакай”, “Семетей”, “Сейтек”, “Барсбек”, “Байтик” деп атап жатканын, мына ушундай турак-жай комплекстеринен тышкары “Курманжан датка”, “Алымбек датка” комплексин бирдей куруп, аны “Ордо” деп атаганын, жакында “Айтматов” ордосун баштаганы турганын айтты.

“Көк асаба” гезити Ата Мекендик Улуу согуштун 69 жылдыгына эки эскерүү макаласын арнады. Анда 85 жаштагы Жайлообек Сыдыков менен Токтоналы кызы Алиман апанын согуш учурунда сүргөн жашоосу жөнүндө сөз болот.

“Ак калпакты көрүнгөнгө белек кылганды токтотолу” деп айтып келаткан Камчыбек Молдарынов жана анын жубайы Алтынбүбү Балыкбаева бул ирет окурмандарга кыргыздын улуттук кийимдеринин бири болгон ичик тууралуу ойлорун ортого салды. Көрсө кыргызда илбирс ичикти колунан келген бай адамдар, түлкү ичикти аялдар кийип келгенин, ичик – көрпө ичик, түлкү ичик, карышкыр ичик, илбирс ичик болуп төрткө бөлүнөрүн, бүгүн жаштар тургай көпчүлүк кыргыздар ичик эмне, кементай эмне, тон эмне экенин айрып биле албай калганын, тери кантип ашатылып, кантип өңдөлөрүн, ичик кантип жасаларын, азыркы норка, дубленка, шуба деген кымбат баалуу кийимдер кыргызда ичик деп аталып келгенин кеп кылды.

Болот Мамбетов менен Султан Ибраимов тууралуу эскерүү “Эки залкар” деп аталды.

“Кыргыздын каада-салты” деген рубриканын алдында жарык көргөн макала “Аксакалдын милдети”, “Байбиченин милдети”, “Атанын милдети”, “Апанын милдети” деген бөлүктөрдөн турат.

“Көк асаба” гезитинин 14-бетинде Кубатбек Осмонов аттуу автордун “Айымдар! Мырзалар! Дене-мүчөңөрдү кестирип жаныңарды кыйнабагыла!” деген макаласы басылды. Биз макаланын затына эмес атына токтололу деп турабыз. Кыргыз баласы эч качан “дене-мүчөңөрдү” деп тамтаңдап сүйлөгөн эмес. Андай эле түшүндүргүсү келсе элге эбак сиңип кеткен медициналык терминди кыргызчалатып “артык кылам деп тыртык кылып” олтурбайле “Операция жасатпагыла!”, “Этиңерге бычак тийгизбегиле!” деп айтпайбы! Айылдагы аксакал-көксакалдарга, балпайган байбичелер менен ак жоолукчан апаларга барып “дене- мүчөңөрдү кестирбегиле” деп айтып көргүлөчү, “О, кокуй, балам кеселдеп, ооруп калган турбайбы” деп дем салдырыш үчүн дароо молдого чуркамак. Ошондуктан “Көк асаба” гезитинин башкы редактору, намыстуу карындашыбыз Салтанат Кыдырмаевага айтарыбыз, кыргыз тилине өтө кылдат менен мамиле жасай жүрсө деген тилегибизди билдирүү менен бүгүнкү гезит баяныбыздын аягына чыгалы.
XS
SM
MD
LG