Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Өкмөт: башкаргандар көп, аткаргандар аз


Өкмөт 23-майдагы жыйынында министрлик-мекемелердин аткаруу тартибин талкуулады. Анда салыштырмалуу иши түзүк деген жана алешемдик кетирген мекемелердин аты аталды.

Кызматтан алуу, жоопкерчилигин кароо, эскертүү берүү өңдүү дисциплинардык чаралар каралды.

Өкмөттүн берилген тапшырмалардын, кабыл алынган токтомдордун аткарылышын тыкыр көзөмөлдөп жатканын жакшы тажрыйба катары баалагандар бар. Ошол эле учурда айрым байкоочулар аткаруу бийлигине тийиштүү мыйзамдардын, токтом, буйруктун көптүгүнөн өкмөттүн иши аксап жатканын да белгилешет.

Кезегин күткөн актылар

Министрлик-мекемелердеги аткаруу тартип тууралуу өкмөттүн аппарат башчысы Акылбек Осмоналиев баяндама жасады. Анда, мисалы, Транспорт жана жолдор министрлигинде былтыр мурдагы жылга салыштырмалуу тапшырмаларды белгиленген мөөнөттө аткаруу начарлаганы айтылды. Бир мыйзам менен өкмөттүн токтому таптакыр аткарылбай калганы белгиленди. Эки мыйзам долбоорду өкмөттүн кароосуна жиберүүгө тийиш болгону менен бир нече жолу берилген эскертүүгө карабай, долбоорлор азыркыга чейин даяр эместиги маалым болду.

Акылбек Осмоналиев ушундай эле алешемдиктер Мамлекеттик каттоо кызматында, Ветеринардык жана фитосанитардык инспекцияда, Айыл чарба, Саламаттык сактоо, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү жана Маданият министрликтеринде аныкталганын кошумчалады:

- Маданият министрлигинде контролдук документтерди аткаруу боюнча иш талаптагыдай деңгээлде жолго коюлган эмес. Мунун натыйжасында өкмөттүн токтомун мөөнөтүн бузуу менен аткаруу 2016-жылы өткөн жылы бир пайызга начарлаган. Министрлик бир жарым жылдан бери өзүнүн укуктук-ченемдик актыларын "Кыргыз Республикасынын музейлери жана музей фонду жөнүндө" мыйзамга шайкеш келтирген эмес. Бул боюнча алты жолу тапшырма берилген. Маданият министрлиги 2016-жылы декабрда гана өзүнүн буйругу менен "Музейдик коллекцияларды сактоо жана эсепке алуу боюнча" нускаманы араң бекиткен. Аны дагы "Эркин-Тоо" гезитине бир жарым айдан кийин гана жарыялаган. Ошондой эле өкмөттүн кыргыз циркине Изибаевдин ысымын ыйгаруу тууралуу токтомунун аткарылышы 1,5 жылга чейин узарып кеткен. Андан сырткары Жогорку Кеңештин жыл сайын 5-мартты Ак калпак күнү деп белгилөө тууралуу токтому дагы азыркыга чейин аткарылбай турат. Биз бул жерде Маданият министрлигинин өтө чоң, одоно тартип бузууларын гана мисал келтирдик. Экономика, Каржы, Маданият министрликтери, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттиги, Мүлк фонду депутаттардын айткан сын пикирлерине ыкчам чара көрүшпөйт. Актуалдуу маселелер боюнча объективдүү маалыматтарды беришпейт. Аткаруучулук тартиптеги дагы бир көйгөй - укуктук-ченемдик актылардын долбоорлорун сапаттуу даярдоо жана өз убагында киргизүү болуп саналат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдардын аткаруу тартиби быйыл жыл башынан бери начарлап кеткенин билдирди. Аткаминерлерди жарандар менен иштөөгө жетишээрлик көңүл бурбай жатканын эскертти. Ошондой эле мамлекеттик органдар жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүүгө чакырды:

- Өкмөттүн ар бир кабыл алган чечими дээрлик ишке аша тургандай болушу керек. Демек аткаруучулук тартип, көзөмөл, мониторинг маселелер, кабыл алынган чечимдердин аткарылышы алдыңкы планга чыгат. Тилекке каршы тапшырмалар өз убагында аткарылбаган жана сапатсыз аткарылган фактылардан арыла алган жокпуз. Мөөнөттөр бир нече жолу узартылып, жылдырылып жатат. Бул жарандар менен иштеген жумуштарга да тийиштүү. Маселелерди реалдуу чечүүнүн ордуна биздин мамлекеттик органдар формалдуу жазуулар менен алектенишет, же жарандардын арыздарын биринчи инстанциядан экинчи инстанцияга жөнөтүп жиберүү адатка айланып келе жатат.

Өкмөттүн жыйынында аткаруучулук тартипте кетирген кемчиликтери үчүн Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархат Бекмамбетовдун ээлеген кызмат ордун кароо чечими кабыл алынды. Айыл чарба, тамак аш, өнөр жай жана мелиорация министрлигинин стаст-катчысы Максат Ташболотовго, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Жекшеновго, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрага орун басары Камчыбек Акишевге эскертүү берилди.

Ошондой эле транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун, мекеменин статс-катчы Эрмек Мамыркалиевдин дисциплиналык аткаруу милдетине болгон жоопкерчилигин карап чыгуу тапшырылды.

Тез өзгөргөн сансыз токтомдор

Кызматтан алынсын деген маданият, маалымат жана туризм министиринин орун басары Фархат Бекманбетов менен макала жазылып жаткан чакта байланышып, комментарий ала алган жокпуз.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Курманбек Дыйканбаев өкмөт өз ишин өзү талдап, чара көрүп жатканын жакшы тажрыйба деп сыпаттады:

- Мына ушунда гана аппаратта бир аз жоопкерчилик болот. Мисалы, кээ бир министрликтерде айрыкча жаш кызматкерлер ишемби, жекшембиси жок кагаздар менен иштейт. Тапшырмаларды аткарабыз деп кагазга чөмүлүп калган. Ал эми кээ бир министрликтерде жума күн болоору менен эшиктерин жаап кеткенче шашат. Эл деген өзгөрүүнү көрүп, ошону сезсе анда жакшы. Анан азыр өкмөттө канча аткаминер бар? Эл эгер өзгөрүүнү сезбесе, анда элдин эсебинен жашап жаткандан кийин ошолордон талап кылыш керек.

Жарандык активист Рита Карасартова болсо аткаруу бийлигиндеги башка маселеге көңүл бурду. Анын пикиринде, башкаруу системасынын өзүндө алешемдик бар, андан сырткары сансыз токтомдордун кабыл алынышы, мыйзамдардын тез-тез өзгөрүшү да сапатка залакасын тийгизип жатат:

- Мисалы, мына былтыр жайында бир айдын ичинде Жер кодексине эки жолу өзгөртүү кирген. Эмнеге ушул эки өзгөртүүнү бириктип алып кирген жоксуңар десе, экөө эки башка комитет менен кеткен деп жооп беришкен. Иштеп жаткан айыл өкмөттөрдүн башы айланып жатат. Өкмөттүн салык, акча чогултуу өңдүү маанилүү токтомдору ишке ашпай турганда, маданият жана башка деген тармактарды айтпай эле койсок болот. Бүгүнкү күндө биз башкаруу ыкмаларын, деборборлоштуруу, жергиликтүү бийликке тапшырма берүү жагын туура эмес кылып салганбызбы, айтор бир айыл өкмөткө 20 башкарма, ал болсо кимге баш ийерин билбей башы ооруйт, миңдеген токтомдор бар, бир токтом экинчисине карама-каршы келет. Айтор ушинтип отуруп биздин башкаруу системасы чоң кризиске кептелип калгандай эле көрүнөт. Башкаргандар толтура, ал эми аткаргандар жок, сапат сезилбейт.

Өткөн айда өкмөт жыйынында жол оңдоодо алешемдик кетирген деген жүйөө менен беш аткаминер иштен алынганы, бул факт боюнча кылмыш иш козголо турганы жарыяланган. Бирок көп өтпөй алардын үчөө өз ордунда эле иштеп жатканы ачыкка чыккан.

Апрелде өкмөт Жогорку Кеңеште былтыркы иши боюнча отчет берген. Анда жалпысынан сын пикирлер айтылганы менен отчет канааттандырарлык деп табылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG