Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Чолпон-Атада көкбөрү мелдеши өтүп жатат (видео)


Мелдештен бир көз ирмем. Чолпон-Ата шаары. 17-март, 2021-жыл.
Мелдештен бир көз ирмем. Чолпон-Ата шаары. 17-март, 2021-жыл.

Нооруз майрамына арналган көкбөрү боюнча республикалык мелдеште жогорку жана биринчи лигада 3-орунду алган командалар белгилүү болду.

Бүгүн, 20-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда коло байге үчүн болгон оюндарда биринчи лигада “Бакубат Талас” “Сокулукту” жеңди (6:6, буллит 3:0).

Жогорку лигада “Сары-Өзөн” "Ала-Тоону" 5:4 эсебинде жеңип, 3-орунду ээледи.

Жогорку лигада 5-6-орун үчүн беттеште Баткендин "Жаш Күч" командасы Ысык-Көлдүн "Мурас" командасын 3:2 эсебинде жеңди.

Нооруз майрамына арналган Көкбөрү мелдеши 17-мартта башталган. Биринчи лигада 13, Жогорку лигада 6 команда ойноду.

Финалдык оюндар эртең, 21-мартта болот. Биринчи лигада "Жети-Өгүз" менен “Кара-Буура” (башталышы: 10:00), жогорку лигада "Достук" менен "Ынтымак" (башталышы: 15:00) беттешет. Бул оюндарды "Азаттык" социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу түз эфирде чагылдырат. Бул күнү көкбөрүдөн сырткары эр эңиш, ат чабыш, салбуурун өңдүү улуттук оюндар болот.

“Нооруз 2021” мелдеши коомдук ишмер, экс-депутат Болот Шер жана белгилүү кинорежиссерлор Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеевдин жаркын элесине арналат.

Нооруз майрамынын урматына уюштурулчу көкбөрү мелдеши 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу өтпөй калган. (GT/ECh)

XS
SM
MD
LG