Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

“Инстаграм”, “Фейсбук Мессенжер” жана “ВотсАпп” тиркемелери үзгүлтүктөн кийин ишин калыбына келтирди


iPhone экранындагы айрым коомдук тармактардын эн белгилери. Кумамото, Жапония. 2021-жылдын 3-февралы.
iPhone экранындагы айрым коомдук тармактардын эн белгилери. Кумамото, Жапония. 2021-жылдын 3-февралы.

Интернеттеги эбегейсиз зор түйүнгө айланган “Фейсбук” компаниясына таандык ири коомдук тармактар 19-мартта бир саат аралыгында иштен чыккан. Мындан улам “Инстаграм”, “Фейсбук Мессенжер” жана “ВотсАпп” тиркемелеринин кардарлары өз арыздарын жаадырышты. Акыры бул тармактарда иш-аракет калыбына келтирилди.

“Фейсбук” компаниясы атайын жарыя кылып, көптөгөн кардарлар үчүн өз барагы ачылбай жатканын мойнуна алды жана "Facebook Messenger” же “Messenger.com” дагы эле дурус иштебей жатат", – деп эскертти.

Бирок ал билдирүү да колдонуучулар Facebook.com сайтына кирип, көбүрөөк маалымат алуу үчүн далаалат жасашкан чакта бөгөткө кабылды.


“Фейсбуктун” бул үч барагынын миллиарддаган жигердүү колдонуучуларынын канчасына жума күнкү окуя түздөн-түз таасир эткендиги белгисиз кала берди.

“Фейсбук” компаниясы “Инстаграм” жана “ВотсАпп” тиркемелерин да сатып алган.

“Инстаграм” тиркемесинин 124 миңден ашуун колдонуучусу «DownDetector.com” аркылуу кат жазып, бул тиркемени колдоно албай жатканына арызданышкан.

Оюндарды сунуш кылган «Фейсбук Гейминг» өзүнүн «Твиттердеги» барагы аркылуу жарыялаган билдирүүсүндө «Фейсбуктун» ар кыл өнүмдөрүнө, анын ичинде онлайн оюндарды сунуштаган агымдарга кесепетин тийгизген жагдайлар келип чыккандыгын моюнга алып, бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн техникалык топтор иштеп жаткандыгын кошумчалады. (TT)

XS
SM
MD
LG