Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

Орусиянын Мамдумасынын төрагасы “Фейсбукка” нааразылыгын билдирди


Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин. 2021-жылдын 6-февралы.
Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин. 2021-жылдын 6-февралы.



“Фейсбук” коомдук медиа тармагы орусиялык маалымат агенттиктеринин полиция кызматкерлери украин улутчулдарын камакка алды деп жарыялаган өткөн айдагы кабарларына бөгөт коюп салган, анткени бул ашынган топтогулар украин эмес эле, орустар болгондугун адистер тастыкташкан эле. Бул окуяга байланыштуу орусиялык жогорку даражалуу мыйзамчы “Фейсбукту” сынга алды.

Орусия парламентинин төмөнкү үйү – Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин 8-мартта “Фейсбук” тармагы "санариптик мыйзамсыздыкка" барабар кадамы менен Орусиянын жарандарынын укугун бузду, деп билдирди.

Володин “Facebook” компаниясы “РБК” менен “Коммерсанттын” февраль айында Орусиянын укук коргоо органдары “МКУ” аттуу украиналык улутчул жаштар уюмунун мүчөсү делгендер Воронеж шаарында камакка алынды деген жарыяларына бөгөт койду, деген кабарларга карата ушундайча турумун билдирди.

Маалыматка ылайык, полиция кызматкерлери экстремисттик адабияттарды, улутчул уюмдардын символдорун, бычактарды жана батирлеринин ичинен эски аскердик минага окшош буюмдарды табышкан.

Алиги маалымат агенттиктери Орусиянын Федералдык Коопсуздук кызматынын (ФСБ) басма сөз кызматына шилтеме кылышкан жана кармалгандардын украиналык экстремисттик уюмга байланышы бардыгы тууралуу жоромолдук да билдиришкен.

Бирок, ошол кезде Орусиянын Тергөө комитети Украинанын чек арасына жакын жайгашкан Воронежде расалык кастыкты козуткандыгы үчүн 18, 19 жана 33 жаштагы үч киши камакка алынгандыгы жөнүндө гана кыска билдирүү жарыялаган. Кармалгандар Украинанын улутчул тобунун мүчөлөрү болчу деп бул мекеме эч кандай доомат койгон эмес. (TT)

XS
SM
MD
LG