Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Байтерек: Президент Жапаровдун «Фейсбук» баракчасын бузуп киришкен


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Садыр Жапаровдун "Фейсбук" социалдык тармагындагы баракчасын белгисиз тараптар бузуп кирип, ар түрдүү комментарийлерди жазууда.

Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек билдирди.

«Кечээ президент Садыр Жапаровдун "Фейсбуктагы" баракчасы бузулду. Аны ким, кандай максатта бузганы белгисиз. Президенттин атынан ар түрдүү комментарийлерди жазып жатат. Президент бардык тараптардын пикирлерин сыйлайт. Садыр Жапаров бул үчүн өтө кабатырланууда. Азыр териштирип жатабыз».

Кечээ, 3-мартта социалдык тармактарда Жогорку Кеңеште депутат Дастан Бекешовдун Конституциянын жаңы долбооруна карата айткан сынына Садыр Жапаровдун "Фейсбук" баракчасынан анын майыптык абалына байланыштуу кемсинткен комментарий жазылып, түйүндүн колдонуучуларынын катуу сынына кабылган.

Садыр Жапаров социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу экенин буга чейин бир нече жолу билдирген.

Ушул жылдын январь айында ал орусиялык «Коммерсантъ» басылмасына чыккан маегинде Кыргызстанда «түрмөдө жатып, социалдык тармактар аркылуу революция жасаганын» айткан. Анын сөзү боюнча, «WhatsApp», «Фейсбук», «Одноклассники» түйүндөрүнөн тайпаларды ачып түрмөдө болсо да эл менен түз байланышып турган.

Анткен менен медиа эксперттер президенттин баракчалары азырынча расмий тастыктоодон өтө элек экенин айтып келишет.(BCh)

XS
SM
MD
LG