Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Аксыда уулануудан үч киши каза болду, бирөө оор абалда


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Аксы районунун Кара-Суу айылында уулануудан үч адам каза болду. Төртүнчүсү оор абалда райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Маалыматка караганда, жарандар 4-мартка караган түнү дарыгерлерге кайрылган. Үчөө Аксы райондук ооруканасына бара жаткан жолдо үзүлгөн.

Алардын эмнеден ууланганы такталууда. Болжолдуу маалыматтарда ууланууга спирт ичимдиги себеп болгон.

Райондук ички иштер бөлүмү уулануу фактысын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган. (BCh)

XS
SM
MD
LG