Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

"Facebook" Тажикстанда салык төлөөчү катары каттоодон өттү


Салык кызматынын имараты. Тажикстан.
Салык кызматынын имараты. Тажикстан.

Тажикстандын Салык комитети "Facebook" социалдык түйүнүн салык төлөөчү катары каттаганын билдирди.

Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Тажикстандын жарандарына интернет-кызмат көрсөткөн компаниялар 18 пайыздык кошумча нарк салыгын төлөшү керек.

"Facebook" компаниясынын расмий өкүлдөрү Тажикстандын Салык комитетинде каттоодон өткөнү боюнча расмий маалымат берген жок.

"Facebook" – Тажикстанда он миңдеген колдонуучулары бар популярдуу соцтармактардын бири.

Салык комитети "Facebook" компаниясынан тышкары салык төлөөчү катары "Doodle Incorporation", "Novatech" жана "Esolar Ltd" да каттоодон өткөнүн кошумчалады.

Жаңы эрежелер боюнча Тажикстанда түздөн-түз же ортомчулар аркылуу товары менен кызматын саткан чет өлкөлүк компаниялар кошумча нарк салыгын төлөшү керек. Бул үчүн Салык комитетинин сайтында онлайн каттоого туруу зарыл.

Тажикстан "Facebook", "Google" жана башка ири телекоммуникациялык компанияларга салык төлөтүү жаатында Орусия, Испания, Өзбекстан сыяктуу башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянууда.

XS
SM
MD
LG