Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Жалил Атамбаев кармалды (видео)


Жалил Атамбаев.
Жалил Атамбаев.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы милиционер Жалил Атамбаев Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (“Мыйзамсыз баюу”) боюнча 3-мартта кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык Атамбаев УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Атайын кызматтын маалыматына караганда Жалил Атамбаевге каршы козголгон бир катар кылмыш иштери боюнча, анын ичинде мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы тууралуу тергөө иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Маалыматта: “Тергөө иштеринин жүрүшүндө, ички иштер органдарынын кызматкери болуп саналган Ж. Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган”, деп жазылган.

Жалил Атамбаев Ошто ишкер катары таанымал. Ал ресторан-кафелердин, көп кабат үйлөрдүн жана ишканалардын ээси. Мурда Ош эл аралык аэропортунун милиция кызматынын башчысы болуп иштеген. 2019-жылы Атамбаевге жана анын жакындарына таандык компаниялар 40 миллион сом салыкты жашырганы аныкталган.


“Азаттык” 2019-жылы 17-апрелде Жалил Атамбаев тууралуу «Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер»» деген иликтөөсүн жарыялаган. Иликтөөдө жылына Кыргызстандын казынасына көмүскө иштердин айынан 40 млн. сом түшпөй калары айтылып, салыктан качкан ишкерлер, алардын ичинде Жалил Атамбаев жөнүндө сөз болгон. Ошондон кийин милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев “Азаттыктын” кабарчысы Ыдырыс Исаковду сотко берип, кийин арызын кайтарып алган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG