Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

Ташиев: Жалил Атамбаев өткөргөн той - элдин бетине түкүргөндүк


Жалил Атамбаевдин уулунун тоюнан тартылган сүрөт.
Жалил Атамбаевдин уулунун тоюнан тартылган сүрөт.

Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев Оштогу белгилүү ишкер Жалил Атамбаевдин азыркы шартта миңдей адамга той бергенин «элдин бетине түкүргөндүк» деп эсептейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башчысы 24-декабрда Бишкекте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Ташиев белгилегендей, Атамбаевдин уулу УКМКда иштейт жана ал атасынын бул жоругу үчүн катуу сөгүш алды:

«Мамлекетте оорчулук болуп, коомубузду пандемия басып, элдин жашоосу кыйын болуп турганда Жалил Атамбаев миңдей адамды топтоп той берип жатат. Биз ойлойбуз, бул элдин, коомчулуктун бетине түкүргөндүк. Бул элди тоготпогондук. Мындан ары андайга жол бербейбиз. Анын баласы бизде иштейт экен. Үйлөнүптүр деп, аны жумуштан айдап жиберсек болбойт деген таризде ага катуу сөгүш бердик. Эми ал атасынын жоругу үчүн жакынкы эки жылда кызматтык тепкич боюнча жогорулай албайт. Бул бардык байларга сабак болсун. Тойлор болуш керек, бирок моралдык жагын да караш керек».

12-декабрда Жалил Атамбаев Ошто уулун үйлөндүрүп, чоң той берген. Андагы шаан-шөкөт, конокторго белек катары таратылган автомашиналар жана башка баалуу буюмдар, тойго Жогорку Кеңештин депутаттары менен жергиликтүү бийлик башчылары барып катышканы коомчулуктун сынына кабылган.

14-декабрда УКМК коронавирустан улам киргизилген чектөөлөргө карабай миңдей адамдын катышуусунда той өткөнүнө байланыштуу териштирүү баштаган.

Ош мэриясы шаарда той өткөрүүгө уруксат берилгенин жана кишинин санына чектөө коюлбаганын билдирген.

Атамбаев Ошто ишкер катары таанымал. Ал ресторан-кафелердин, көп кабат үйлөрдүн жана ишканалардын ээси. Мурда Ош эл аралык аэропортунун милиция кызматынын башчысы болуп иштеген. 2019-жылы Атамбаевге жана анын жакындарына таандык компаниялар 40 миллион сом салыкты жашырганы аныкталган.

УКМКнын айыптоосуна Атамбаев же анын жактоочулары комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG