Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

Сот департаментинин статс-катчысы кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин статс-катчысы К. С. А. коррупциялык схеманы уюштурууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

УКМКга караштуу Коррупцияга каршы кызмат "сот тармагында автоматтык система иштеп чыгуу үчүн бөлүнгөн мамлекеттик бюджетти мыйзамсыз пайдалануу боюнча Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинде коррупциялык схема түзүлгөнүн" билдирген.

Мекеменин басма сөз кызматы 3-мартта кабарлагандай, 2018-жылы IT компаниялардын бири менен жасалма келишим түзүлүп, коррупциялык схеманын катышуучулары ошол акчаны өзүнө ыйгарып алышкан.

УКМК ушул эле IT компания Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева айыпталган иште да шектүү катары өтүп жатканын белгиледи.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр 24-декабрда Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын, ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдугун берсе ал камакка алынарын айткан.

Калиева өзү 29-декабрда «Азаттыктын» түз эфиринде сүйлөп жатып, Ташиевдин билдирүүсүнөн кийин Жогорку соттун каржылык документтери текшериле баштаганын, бирок анын айткандарына далил табылбай жатканын айткан. Ал Жогорку сотту санарипке өткөрүү долбоорун Европа Биримдиги ишке ашыргандыктан, ага кийлигишүү болбогонун жана жеке өзү эч кандай документке кол койбогонун билдирген.

Быйыл 5-февралда УКМК Калиева дагы бир доого кабылып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип жатканын кабарлаган. Жогорку соттун басма сөз кызматы доомат негизсиз экенин айткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG