Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:02

Коронавирустан каза болгондор катталган жок


Бишкектеги коопсуздук чарасы
Бишкектеги коопсуздук чарасы

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 4-марттагы маалыматына караганда, коронавирус 54 адамдан табылды.

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 86 410 адамга жетти. Вирустан айыгып чыккандардын саны - 83 325.

Азыркы тапта ооруканада 368 бейтап бар, алардын 98инин абалы оор, 17си өтө оор абалда дарыланып жатат. Үйүнөн 258 адам дарыланууда.

3-мартка карата медицина кызматкерлерине коронавирус жуккан учур катталган жок.

Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медкызматкерлердин жалпы саны - 4205. Анын 4186ы айыгып чыкты.

Каза болгон медкызматкерлердин саны 90дон ашты. (BCh)

XS
SM
MD
LG