Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:42

Тартип комиссиясы Гүлбара Калиеваны жоопко тартууга макулдук берүү маселесин карайт


Гүлбара Калиева.
Гүлбара Калиева.

Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы 4-марттагы отурумунда бир нече судьяларды жоопко тартууга макулдук берүү маселесин карайт. Алардын ичинде Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны жана Аскер сотунун мурдагы төрагасы Нурланбек Ашымбековду жоопко тартуу боюнча башкы прокурор Курманкул Зулушевдин өтүнүчү каралат.

Булардан тышкары Талас, Жалал-Абад облустук, Жалал-Абад шаардык жана Араван райондук соттордун судьяларын жоопко тартууга макулдук берүү маселеси ортого салынат.

"Жергиликтүү сот" долбооруна байланыштуу коррупциялык ишти иликтөөнүн алкагында былтыр декабрда Башкы прокуратура Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны жоопко тартууга уруксат берүү өтүнүчү менен Тартип комиссиясына кайрылган.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр 24-декабрда «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын, ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдук берсе, ал камакка алынарын айткан.

Калиева 29-декабрда «Азаттыктын» түз эфиринде сүйлөп жатып Ташиевдин билдирүүсүнөн кийин Жогорку соттун каржылык документтери текшериле баштаганын, бирок анын айткандарына далил табылбай жатканын жарыялаган. Ал Жогорку сотту санарипке өткөрүү долбоорун Европа Биримдиги ишке ашыргандыктан, ага кийлигишүү болбогонун жана жеке өзү эч кандай документке кол койбогонун билдирген.

Быйыл 5-февралда атайын кызмат Калиева дагы бир доого кабылып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шек саналып жатканын кабарлаган. Жогорку соттун басма сөз кызматы муну куру доомат деп атаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG