Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Ирактагы эл аралык коалициянын базасына ракетадан чабуул коюлду


Анбар провинциясындагы Айн-аль-Асад авиабазасы
Анбар провинциясындагы Айн-аль-Асад авиабазасы

Ирактагы АКШ баш болгон эл аралык коалиция аскерлери жайгашкан база кеминде он жолу ракетадан аткыланганын билдирди. Окуя 3-мартта эртең менен Анбар провинциясындагы Айн-ал-Асад авиабазасында болгон.

Ирак аскерлери чабуул авиабазага көп деле зыян келтирбегенин, ракеталар учурулган жерди аныкташканын билдирди. France-Presse агенттиги Батыштагы атайын кызматтагы булактарга таянып, “Араш” аттуу ирандык өндүрүштөгү ракеталар экенин жазып чыкты.

Чабуул маалында жарандык кызматтагы бир адамдын жүрөгү кармап каза болгону.

Айн-ал-Асад базасында ирактык аскерлер менен катар расмий Багдадга «Ислам мамлекети» террорчул тобуна каршы күрөштө жардам берген эл аралык коалициялык күчтөр да жайгашкан. Бул жолку чабуул Рим папасы Францисктин Иракка сапарынын алдында жасалды.

16-февралдагы Ирактын түндүгүндөгү аскер базасына чабуулдан улам бир адам каза болуп, бир нечеси жараат алган.

XS
SM
MD
LG