Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:10

Навальный "Кольчугино" тергөө абагына которулганы белгилүү болду


Алексей Навальный
Алексей Навальный

Орус оппозцииячыл саясатчы Алексей Навальный Владимир облусундагы “Кольчугино” тергөө абагындагы экенин билдирди. Бул тууралуу билдирүү саясатчынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды. Навальныйдын штабынан кабарлашкандай, оппозиционер бул жайда согуш ардагери Игнат Артеменконун арызы боюнча апелляция каралганга чейин кармалат. Бул иш боюнча сот Навальныйды 850 миң рубль айыпка жыккан.

Тергөө абагынан Алексей Навальныйдын абалы жакшы экенин, сыртта эмне болуп жатканы жөнүндө көп кабары жоктугун, кат ала электигин билдирген.

“Нан кургатып жатабыз, мен бул иш аябай кызык экенин эч билген эмесмин”,-деп айтылат саясатчынын билдирүүсүндө. Навальный уурулук үчүн соттолгон адам менен бир камерада отурганын маалымдаган.

Буга чейин Навальный Владимир облусундагы Покров шаарындагы №2 колонияга жеткирилгени кабарланып, бирок расмий ырастала элек болчу. Укук коргоочулар бул абак эң катаал жабык жайлардын бири экенин билдиришкен.

Орусия бийлигинин башкы сынчысына айланган Алексей Навальный быйыл январда Германиядан келген соң кармалган. Ал февралдын башында 2014-жылкы иши боюнча 3 жыл 8 айга эркинен ажыратылган. Кийин Москва шаардык соту ал мөөнөттү бир аз азайтуу менен күчүндө калтырган.

Саясатчы өзү куугунтукка туш болгонун айтып келет. Оппозициячыл саясатчынын абакка кесилиши Батыш өлкөлөрү менен орус бийлигинин мамилесин абдан начарлатты. Навальныйдын адилетсиз куугунттукка туш болгонун белгилеген Евробиримдик жана АКШ ушул аптада жогорку даражалуу орус жетекчилерине санкция салды. Муну Кремль кескин сынга алып, жооп кайтарды.

XS
SM
MD
LG