Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:41

УКМК: “Кыргызкөмүрдүн” жана Транспорт, жол министрлигинин кызматкерлери кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кара-Кече көмүр кенинде «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын, ошондой эле Транспорт жана жол министрлигинин кызматкерлери кармалганын кабарлады. Маалыматка ылайык, алар көмүр ташыган айдоочулардан акча талап кылганы аныкталган. Кызматкерлер талап кылган акчанын көлөмү 37 миллион сомдон ашат.

"Кыргызкөмүр" ишканасынын эки кызматкери, Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу “Турускул” салмак-габариттик көзөмөл пунктунун эки инспектору көмүр ташыган айдоочулардан кезексиз өткөрүү, унаага ашыкча жүк жүктөө үчүн миң сомдон алып турганы аныкталды. Кармалгандар Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу, бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп жатканы кабарланды. (ZKo/BsB)

XS
SM
MD
LG