Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 18:03

Баткенде чек арадан мыйзамсыз күйүүчү май алып өтүүгө аракеттенген жарандар кармалды


Күйүүчү май ташууга ылайыкташтырылып жасалган унаа. Баткен. Март, 2021-жыл. Сүрөт УКМКга таандык.

Лейлек районунда күйүүчү майды мыйзамсыз ташып бараткан төрт жүк ташуучу автоунаа кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлады. Маалыматка ылайык, кармалган автоунаалар күйүүчү май ташууга ыңгайлаштырылган контейнерлер менен жабдылган. Айдоочулардын жүк ташууга уруксат берген тиешелүү документтери болгон эмес.

Аткезчилик жол менен 40 тоннадан ашуун күйүүчү май чек арадан чыгарылып бараткан. Ошондой эле автоунаалар коңшу өлкөнүн жаранына таандык болгон, Кыргызстандын мамлекеттик номурларын мыйзамсыз колдонуп жүрүшкөн.
Учурда бул фактыга тиешелүү башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Кыргыз өкмөт башчысынын 2-марттагы токтомуна ылайык, Кыргызстандан күйүүчү майды ЕАЭБ алкагынан тышкары сатууга убактылуу чектөө киргизилди.(ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG