Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:14

Тартип комиссиясы башкы прокурордун өтүнүчүн Калиеванын катышуусуз карап жатат


Гүлбара Калиева "Азаттыктын" студиясында. Декабрь, 2020-жыл.
Гүлбара Калиева "Азаттыктын" студиясында. Декабрь, 2020-жыл.

Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева баш болгон бир нече судьяны жоопко тартууга макулдук берүү боюнча өтүнүчтү кароого киришти.

"Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, комиссиянын 4-марттагы отурумуна Калиева келген жок. Анын өкүлү төрайым ооруп жатканы тууралуу медициналык маалымкат көрсөттү. Анда ал ден соолугуна байланыштуу жыйынды жылдырууну суранган.

Башкы прокуратуранын өкүлү маселени төрайымсыз эле кароого мыйзам жол бере турганын айтты. Тартип комиссиясы өз ара кеңешкенден кийин аны карай баштады.

Башкы прокуратура Гүлбара Калиеваны "Жергиликтүү сот" долбооруна байланыштуу коррупциялык ишти иликтөөнүн алкагында жоопко тартууга уруксат берүүнү суранып жатат. Баш прокурор Курманкул Зулушевдин тиешелүү өтүнүчү Тартип комиссиясына былтыр декабрда берилген.

Ага чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын, ага Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдук берсе, ал камакка алынарын айткан.

Калиева бул айтылгандарды "негизсиз" деп атаган.

Быйыл 5-февралда атайын кызмат Калиева дагы бир доого кабылып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шек саналып жатканын кабарлады. Жогорку соттун басма сөз кызматы төрайымдын дарегине айтылган айыптарды четке какты. (NT/TSh)

XS
SM
MD
LG