Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чегиндеги Сай тилкесинде абал туруктуу


Баткен. Лейлек районундагы Максат айылы жайгашкан чек ара тилкеси. Сентябрь, 2019-жыл.
Баткен. Лейлек районундагы Максат айылы жайгашкан чек ара тилкеси. Сентябрь, 2019-жыл.

Кыргызстандын мамлекеттик Чек ара кызматы Баткен облусундагы Лейлек районунун Максат айылындагы Сай тилкесинде тажик жарандарынын шагыл казуу иштери токтотулганын кабарлады.

Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын маалымдашынча, шагыл казуу Кыргызстандын чек ара кызматкерлеринин талабы менен токтотулган. Тажик тарап атайын техникасын алып кеткен. Учурда аймактагы кырдаал туруктуу.

Бүгүн, 20-мартта Кулунду айыл өкмөтүндөгү кыргыз-тажик чек арасында коңшу өлкөнүн жарандары дарыядан шагыл казып алып жатканы тууралуу видео тасманы жергиликтүү эл тартып, социалдык тармактарга жайгаштырган. Бул маалыматты Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов да ырастап, тажикстандык жарандар тарабынан жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө тоскоолдук болуп жатканын журналисттерге билдирген.

"Жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө тоскоолдук жаратып жатышат. Ошондуктан, 24-март күнү биздин кадастр кызматынын жетекчилерине Тажикстандагы кесиптештерге карталарды көрсөтүп, тактап, маселени чечип келүүсүн тапшырдым", - деди Бекмуратов.

18-мартта Тажикстандын Согд облусунун Гулистон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны өткөн.

Жолугушууда чек арадагы чыр-чатактын чыгышына негизги себеп болуп келген жайыт, сугат суу маселеси да көтөрүлүп, бардык көйгөйлөрдү достук мамиле менен чечүү келишилген. Чек ара маселесине байланыштуу эки элди ынтымакка чакырган жана аймак аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча тараптар облустар аралык кызматташуу багытында 10 пункттан турган протоколго кол коюшкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG