Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:06

АКШ менен Индиянын коргоо мекемелеринин башчылары өз ара кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу талкуулашты


АКШнын Коргоо катчысы Ллойд Остин. Пентагон, Вашингтон. 2021-жылдын 19-февралы.
АКШнын Коргоо катчысы Ллойд Остин. Пентагон, Вашингтон. 2021-жылдын 19-февралы.

АКШнын Коргоо катчысы Ллойд Остин жана Индиянын Коргоо министри Ражнатх Сингх 20-мартта Нью-Делиде өткөн сүйлөшүүдө эки тараптуу аскердик кызматташтыкты өркүндөтүү жолдорун талкуулашты.

Индиянын Коргоо министри Ражнатх Сингх (солдо) менен Орусиянын вице-премьер министри Юрий Борисов. Москва. 2020-жылдын 23-июну.
Индиянын Коргоо министри Ражнатх Сингх (солдо) менен Орусиянын вице-премьер министри Юрий Борисов. Москва. 2020-жылдын 23-июну.


Остиндин Индияга болгон эки күндүк сапары – АКШнын президенти Жо Байдендин өкмөтүнүн жогорку даражалуу мүчөсүнүн бул өлкөгө жасаган алгачкы иш сапары болуп калды. Расмий Вашингтон аймактагы Кытайдын таасири улам тереңдеп жаткан маалда, чөлкөмдөгү өнөктөштөрү менен тыгыз байланышта болууга умтулуп жатат.


Нью-Делидеги бул баарлашуу 19-мартта Аляскада АКШ менен Кытайдын жогорку даражалуу дипломат төбөлдөрүнүн ортосундагы Вашингтондун бир расмий өкүлү "катаал жана тикелей" жүргүзүлдү деп мүнөздөгөн эки тараптуу сүйлөшүүлөр жыйынтыкталгандан кийин орун алды.

Индияга чейин генерал Ллойд Жеймс Остин мырза жана АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Чыгыш Азиядагы Кытайдын иш-аракеттерине такаат кылган дагы эки маанилүү өнөктөшкө – Жапония менен Түштүк Кореяга иш сапар менен барышкан.


Бул иш сапарлар курамына АКШ, Жапония, Австралия жана Индияны камтыган төрт тараптуу ынтымак болгон Төрттүк лидерлеринин биринчи саммитинен кийин жүзөгө ашырылган.

Остин 19-мартта Нью-Делиге келип, премьер-министр Нарендра Моди жана Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Ажит Довал менен сүйлөшүүлөр жүргүздү.

Пентагондун басма өкүлү Жон Кирбинин айтымында, Остин мырза "Индия-Тынч океаны чөлкөмүндөгү жалпы максаттарды колдоого алуу үчүн Индиянын лидерлик ролун жана аймактагы өнөктөштөр менен болгон байланыштын өсүп жаткандыгын жогору баалаган". (TT)

XS
SM
MD
LG