Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Дональд Трамптын Азия сапары


АКШ президенти Дональд Трамп Азия боюнча алгачкы сапарга чыгууда. Ал иш сапары учурунда аймактын беш өлкөсүнө токтойт. Визит Пхеньян менен Вашингтондун тирешүүсүнөн улам Корей жарым аралындагы кырдаал мурдагыдай эле чыңалып турган учурга туш келүүдө.

АКШ президенти алдыдагы 11 күн ичинде Жапония, Түштүк Корея, Кытай, Вьетнам жана Филиппинге бармакчы. Америкалык президенттин Азияга мындай узак сапары акыркы ирет 25 жыл мурда Жорж Буштун учурунда жасалган экен.

3-ноябрга сапарга аттана турган Трамп 5-ноябрда Жапонияга келип түшкөнгө чейин Гавайи аралдарында токтоп, АКШнын Тынч океандагы куралдуу күчтөрүнөн кабар алат.

Азыркы визиттин жүрүшүндөгү сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы - Түндүк Кореянын Улуттар уюмунун резолюцияларында тыюу салынган өзөктүк программасы болору күтүлүп жатат.

Трамптын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт МакМастер Ак үйдөгү басма сөз жыйында Азия сапарында көңүл бурулуучу биринчи максат - "Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан ажыратуу боюнча эл аралык чечкиндүүлүктү бекемдөө" деп белгилеп, буларга токтолду:

- Президент бизде убакыт бүтүп баратканын билип турат. Андыктан биз өлкөлөрдүн баарын дагы көбүрөөк нерсе жасоого үндөйбүз. Атап айтканда, президент алдыда жоопкерчиликтүү мамлекеттердин баарын, өзгөчө Түндүк Кореяга көбүрөөк таасири бар өлкөлөрдү бул режимди саясий жана экономикалык жактан изоляциялоого, анын лидерлерин өзөктүк куралга умтулуу туңгуюк экенине ынандырууга чакырууну улантат.

Түндүк Корея көйгөйүн АКШ Азиядан Кытай, Жапония, Түштүк Корея менен буга чейин эки тараптуу жана көп тараптуу форматта такай талкуулап келет. Аталган үч өлкөнүн лидерлери АКШга жыл башында президент алмашкандан бери кеминде бир жолудан барып кетишти.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин Түндүк Кореяга каршы сентябрдагы акыркы катаал экономикалык санкциясынын толук аткарылышы көбүнесе Кытайга көз каранды. Анткени Бээжин Пхеньяндын негизги соода өнөктөшү.

Түндүк Корея маселеси АКШ жана Кытай лидерлеринин буга чейинки көзмө-көз жана телефон сүйлөшүүлөрүндө бир нече ирет талкууланган.
Түндүк Корея маселеси АКШ жана Кытай лидерлеринин буга чейинки көзмө-көз жана телефон сүйлөшүүлөрүндө бир нече ирет талкууланган.

Коопсуздук кеңештин соңку санкциясынын максаты – Түндүк Корея режимин каржы булактарынан ажыратуу деп айтылган. Андыктан президент Трамп Кытайдагы сүйлөшүүлөрдө Бээжинди Пхеньянга мунай экспорттоону, андан кайра көмүр импорттоону кыскартууга, акча которууларды чектөөгө чакырат деп күтүлүүдө:

- Демек дипломатия менен санкция бирге иштөөдө. Кытай көп нерсе жасап жатканы анык, бирок Корей жарым аралында өзөктүк куралдан арылуу ишке ашканга чейин бул жетишсиз. Чын-чынында Кытай андан АКШ же башка бирөө кызмат көрсөтүүнү суранып жатпаганын билет. Жарым аралдын өзөктүк куралдан арылышы анын жана бардык мамлекеттердин кызыкчылыгындагы иш экенин Кытай тааныйт, - дейт Ак үйдүн Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт МакМастер.

Корей жарым аралында болсо мурдагыдай эле чыңалган кырдаал сакталууда.

Трамптын Азияга сапары алдында Түштүк Корея ракеталык сыноо өткөрдү. Бул убакта асманда АКШнын бомба таштоочу эки учагын Жапониянын жана Түштүк Кореянын өзүнүн аскерий учактары коштоп жүрдү.

Түндүк Кореянын мамлекеттик телевидениеси бул машыгууну аларга каршы деп баалады:

- АКШ бизге багытталган күтүүсүз соккуну машыгуу үчүн Гуам аралындагы Андерсон аскерий базасынан Б-1Б бомба таштоочу учактарын 2-ноябрда Корей жарым аралына кайрадан учурду. Бомба таштоочу стратегиялык учактар Түштүк кореялык жана америкалык аскерий учактардын коштоосунда биздин өлкөдөгү негизги буталарды бомбалоону имитациялашты, - деп айтылды мамлекеттик теледен окулган билдирүүдө.

Түндүк Корея болсо баллистикалык ракеталарын акыркы ирет алтынчы өзөктүк жардыруусун жасагандан кийин 15-сентябрдан бери учура элек. Ага чейин быйыл февраль-сентябрь аралыгында ракеталарын кеминде 22 ирет сынады. Алардын биринде континенттер аралык баллистикалык ракета сыналганы жарыяланган.

Түндүк Корея быйыл ракеталарын Жапонияга караштуу аралдын үстүнөн да кеминде эки ирет учурду.
Түндүк Корея быйыл ракеталарын Жапонияга караштуу аралдын үстүнөн да кеминде эки ирет учурду.

Пхеньян эми кезектеги сыноону президент Дональд Трамптын Сеулга сапарына тушташ өткөрүшү да мүмкүн. Мындай божомолду Түштүк Кореянын чалгын мекемеси айтканын Рейтер агенттиги кабарлады.

Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасы жалпы дүйнө үчүн коркунучтуу деп эсептеген АКШ андан толук баш тартууну талап кылса, Пхеньян тескерсинче аларды мындай программаны өнүктүрүүгө мажбурлады деп Вашингтонду жана анын өнөктөштөрүн күнөөлөп жүрөт.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG