Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

Төрттүк өлкөлөрү Индиянын вакцина өндүрүүчүлөрүн колдойт


Украинанын президенти Владимир Зеленский Индияда өндүрүлгөн "Ковишилд" (AstraZeneca - Covishield) вакцинасы менен эмделди. Луганск аймагындагы аскердик көчмө оорукана. 2021-жылдын 2-марты.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Индияда өндүрүлгөн "Ковишилд" (AstraZeneca - Covishield) вакцинасы менен эмделди. Луганск аймагындагы аскердик көчмө оорукана. 2021-жылдын 2-марты.

АКШ президенти Жо Байден жана Австралия, Индия жана Жапониянын лидерлери Индияда коронавирус вакцинасын өндүрүүнү мындан ары да кеңейтүү планы тууралуу макулдашты.

Билдирүү “Төрттүк” деп бейрасмий аталган өлкөлөр тобунун жетекчилеринин 12-мартта өткөрүлгөн онлайн отурумунан кийин жарыяланды.

Бул – АКШга Жо Байден президент болуп калгандан кийинки учурда Индия-Тынч океан аймагы үчүн өткөрүлгөн жогорку мамлекеттик жетекчилердин деңгээлиндеги алгачкы виртуалдык отурум болуп калды. Байдендин өкмөтү Кытайдын аскердик жана экономикалык кубаты улам өсүп жаткандыгына байланыштуу Индия-Тынч океан аймагына көбүрөөк басым жасоого умтулууда.

Байден бул аракеттерди “Индия-Тынч океанынын бүткүл аймагына пайда алып келүү үчүн вакцина өндүрүшүн өркүндөтүүгө багытталган жаңы, дымактуу биргелешкен өнөктөштүк” катары мүнөздөдү.

Төрттүктүн лидерлери жарыялаган биргелешкен билдирүүдө: "Биз мамлекеттерибиздин медициналык, илимий, каржылоо, өндүрүү жана жеткирүү жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн бириктиребиз жана вакцинанын коопсуз жана натыйжалуу бөлүштүрүлүшүнө багытталган милдеттенмелерибизди жүзөгө ашыруу үчүн вакцина боюнча адистердин жумушчу тобун түзөбүз", – деп айтылган.


Индиянын тышкы иштер министри Харш Вардхан Шрингла төрт тараптуу виртуалдык саммиттен кийин өлкө борбору Нью-Делиде өткөргөн маалымат жыйынында бул кызматташтык "эң ургалдуу жана баалуу" болду деп айтты.

Серепчилердин айтымында, төрт мамлекеттен турган бул топ дүйнө жүзүндөгү эмдөөлөрдү кеңейтүүнү каалап чектелбестен, Кытайдын Түштүк-Чыгыш Азияда жана дүйнө жүзү боюнча өсүп жаткан эмдөө дипломатиясына каршы турууну да көздөп жатат.

Индия – дүйнөдөгү вакцина жана дары-дармек чыгаруучу эң ири демократиялуу өлкө. (TT)

XS
SM
MD
LG