Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

ДССУ AstraZeneca вакцинасынан баш тартпоого чакырды


AstraZeneca вакцинасы.
AstraZeneca вакцинасы.

Дүйнөдөгү баардык мамлекеттердин бийликтери коронавируска каршы эмдөөчү AstraZeneca вакцинасын колдонуудан баш тартпашы керек. Мындай билдирүүнү 12-мартта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму - ДССУ жасады.

Аталган уюмдун өкүлү Маргарет Харрис AstraZenecaны COVID-19 вирусуна каршы "мыкты вакцина” деп атады. Ошондой эле эл аралык уюм препаратты колдонгондон кийин айрым бейтаптарда тромб пайда болот, деген маалымат биротоло бышыктала электигин кошумчалады.

Бейшембиден тарта Дания, Исландия, Норвегия жана Таиланд AstraZeneca вакцинасы менен өз жарандарын эмдөөнү токтотоорун жарыялаган. Буга препарат менен эмделген айрым адамдардын тамырларында тромб пайда болгону тууралуу кабарлар себеп болгон. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму келип түшкөн ар бир маалыматты иликтээрин билдирди.

11-мартта Европадагы дары-дармек боюнча агенттик AstraZeneca вакцинасынын кесепети боюнча ачык жана так далил жок экенин жарыялады.

Бул вакцина Британиядагы Оксфорд университетинин адистери менен биргеликте даярдалган. Аны менен Европадагы 5 миллиондон ашык адам эмделди. Компания бардык клиникалык изилдөөлөр жүргүзүлгөнүн жана дарынын эч кандай зыяны жок экенин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG