Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

Навальный Кольчугино абагынан которулганы кабарланды


Навальный буга чейин жазасын өтөп жаткан Владимир облусундагы Кольчугино тергөө абагы
Навальный буга чейин жазасын өтөп жаткан Владимир облусундагы Кольчугино тергөө абагы

Орус оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный Владимир облусундагы Кольчугино тергөө абагынан башка жабык жайга которулду. Бул тууралуу саясатчынын “Твиттердеги” баракчасындагы билдирүүдө айтылат.

Анда 12-мартта Навальныйга ар кандай себептерди айтып, жактоочуларын ага киргизбей коюшканы, түштөн кийин тергөө абагынын кызматкерлери саясатчынын башка жакка которулганын айтышкан. Оппозиционер кайсы жакка которулганы белгисиз.

Буга чейин “Ведомости” гезити Федералдык жаза аткаруу кызматындагы булактарга таянып, Владимир облусундагы Покров шаарындагы №2 тергөө абагына которулушу мүмкүн экенин жазып чыккан. Февралдын аягында башка медиа каражаттары дал ушундай мүнөздөгү маалыматтарды жазышкан. Бирок бул маалымат расмий түрдө ырастала элек.

Орусия бийлигинин башкы сынчысына айланган Алексей Навальный быйыл январда Германиядан келген соң кармалган. Ал февралдын башында 2014-жылкы иши боюнча 3 жыл 8 айга эркинен ажыратылган. Кийин Москва шаардык соту ал мөөнөттү бир аз азайтуу менен күчүндө калтырган.

Саясатчы өзү куугунтукка туш болгонун айтып келет. Оппозициячыл саясатчынын абакка кесилиши Батыш өлкөлөрү менен орус бийлигинин мамилесин абдан начарлатты. Навальныйдын адилетсиз куугунттукка туш болгонун белгилеген Евробиримдик жана АКШ ушул аптада жогорку даражалуу орус жетекчилерине санкция салды. Муну Кремль кескин сынга алып, жооп кайтарды.

XS
SM
MD
LG