Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:13

Жаатташкан Армения менен Азербайжан бир маалда аскердик машыгуу өткөрөт


Тоолуу Карабак
Тоолуу Карабак

Армения кийинки аптада аскердик машыгууларды өткөрөрүн жарыялады.

Ага чейин дал ушул учурда аймактагы башкы каршылашы болгон Азербайжандын Куралдуу күчтөрү да машыгуу өткөрөрүн кабарлаган болчу.

Армениянын Коргоо министрлиги машыгууларга 7500дөн ашуун аскер, 200дөй ракеталык-артиллериялык курал, 100дөй бронетехника, 90дон ашык абадан коргонуу техникасы, авиация тартыларын жарыялады.

Ал эми Азербайжан болсо 15-18-марттагы машыгууга 10 миңдей аскер, 100дөн ашык танк, 30дай аскердик учактар катышарын билдирген.

Эки мамлекет ортосунда былтыр күзүндө Тоолуу Карабак үчүн алты аптага созулган куралдуу жаңжал орун алган. Бул согуш Азербайжандын, Армениянын жана Орусиянын жетекчилиги кол койгон атышууну токтотуу тууралуу үч тараптуу келишимден соң жыйынтыкталган. Ал учурда Тоолуу Карабактын чет-жакаларындагы үч район кайра Азербайжанга кайтарылып, аймакка тынчтык орнотуу күчтөрү катары Орусиянын аскерлери киргизилген. Куралдуу кагылыштын жыйынтыгында миңдеген аскерлер курман болгон.

Андан кийин Арменияда саясий кризис күч алып, оппозиция премьер-министр Пашинянды кызматтан кетирүүнүн аракетинде болуп келатат.

XS
SM
MD
LG