Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Улуу Британияда «Oxford/AstraZeneсa» вакцинасы жапатырмак эмдөөдө колдонула баштады


82 жаштагы Брайан Пинкер «Oxford/AstraZeneсa» вакцинасы менен эмделди. Оксфорд шаары. 2021-жылдын 4-январы.
82 жаштагы Брайан Пинкер «Oxford/AstraZeneсa» вакцинасы менен эмделди. Оксфорд шаары. 2021-жылдын 4-январы.

4-январдан тартып Улуу Британияда Оксфорд университети менен «AstraZeneсa» компаниясынын вакцинасы жапатырмак эмдөөнүн жүрүшүндө колдонула баштады. Диализ алып жүргөн 82 жаштагы Брайан Пинкер (Brian Pinker) Оксфорд шаарындагы Черчилл ооруканасында алгачкы болуп дал ушул дары менен эмделди.

Улуу Британия аймагында 4-январга карата «Oxford/AstraZeneсa» вакцинасынын жарым миллиондой дозасы даяр турду.

82 жаштагы Жеймс Шоу «Oxford/AstraZeneca» вакцинасы менен эмделди. Данди ш., Шотландия, Улуу Британия. 2021-жылдын 4-январы.
82 жаштагы Жеймс Шоу «Oxford/AstraZeneca» вакцинасы менен эмделди. Данди ш., Шотландия, Улуу Британия. 2021-жылдын 4-январы.

Өлкөдө мындан тышкары «Pfizer/BioNTech» вакцинасы да сайылууда. Азырынча дарыгерлер, коомдук тейлөө кызматкерлери жана улгайган кишилер өзгөчө тобокелдиктеги катмар катары эмделүүдө.

Эми өндүрүүгө жана ташууга жеңил болгон «Oxford/AstraZeneсa» вакцинасы эмдөөгө пайдаланыла баштаган соң, бул эмдөөнүн жүрүшү алда канча тездейт деп күтүлүүдө.

Британдык бийликтер жана дарыгерлер өздөрүндө вакцина чыгарыла башташын COVID-19 илдетине каршы күрөштөгү бурулуш учур катары жогору баалашты. Эми вакциналарды тездеп сайуу аркылуу алааматтуу ооруну чукул арада жеңүүгө жана кадыресе турмушка кайтууга болот деген ишеним пайда болду.

«Oxford/AstraZeneсa» вакцинасы Улуу Британияда декабрдын соңунда жактырылды. Оболу вакцинанын натыйжалуулугу 70% көрсөткүчкө ээ болгон, бирок өндүрүүчүлөр бул дарынын формуласы кыйла жакшыртылганын, эми анын натыйжалуулугу атаандаш вакциналардын көрсөткүчүнө жетип калганын билдиришти.

Айтмакчы, «Oxford/AstraZeneсa» вакцинасын демейдеги муздаткычта эле сактаса болот, ал эми «Pfizer/BioNTech» вакцинасын Целсий өлчөмү боюнча бери дегенде 70 даража (градус) суукта сактап туруу зарыл.

2021-жылдын соңуна чейин «Oxford/AstraZeneсa» вакцинасы 3 миллиарддай дозада өндүрүлөөрү каралууда.

Дал ушул вакцина Индияда да жапатырмак эмдөөдө колдонулаары күтүлүүдө. 3-январда Индиянын дары-дармеккке көзөмөл мекемеси бул вакцинадан тышкары жергиликтүү дары жасоочу Bharat Biotech компаниясынын “Коваксин” (Covaxin) аттуу вакцинасына да өлкөдө чукул кырдаалда колдонууга уруксат кылды.

Эми Аргентина Oxford/AstraZeneсa вакцинасын жакын арада жактырышы мүмкүн деп күтүлүүдө.

Кытай жана Орусия өздөрүндө өндүрүлгөн вакцина түрлөрү менен өз калкын эмдей башташты. (TT)

XS
SM
MD
LG