Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Украинанын өкмөт башчысы Киевдин Евробиримдикке, НАТОго кирүү ниетин бышыктады


Украинанын өкмөт башчысы Денис Шмигал. Брүссел. 2021-жылдын 11-февралы.
Украинанын өкмөт башчысы Денис Шмигал. Брүссел. 2021-жылдын 11-февралы.

Украинанын премьер-министри Денис Шмигал өз өлкөсү Европа Биримдигине жана НАТОго мүчө болуу максатын көздөп, реформачыл иш-аракетти тездетти, деп билдирди.

19-мартта Германияга болгон расмий иш сапары маалында Шмигал Германиянын тышкы иштер министри Хайко Йозеф Маас мырза менен сүйлөшүү учурунда “Украинанын орто мөөнөттүү келечекте Евробиримдикке мүчө болушу – украин эли үчүн гана эмес, Германия үчүн жана жалпы эле Евробиримдик үчүн дагы алардын кызыкчылыктарына төп жыйынтык берчү” кырдаал жаратат, – деп айтты.


"Европа Биримдигинин ички базарына акырындык менен жуурулушуу маселеси – биздин учурдагы күн тартибибизде артыкчылыктуу орунда турат. Тактап айтканда, бул көйгөй Украинанын Европа Биримдигинин санариптик жана отун-кубат базарларына ширелишине байланыштуу", – деди Шмигал.

Ошондой эле Шмигал мырза Мүчөлүк иш-аракеттер планын (MAP) баштоого чакырууга багытталган тездетилип жаткан реформа аракеттеринен айрым мисал келтирди жана Украинага июнь айында НАТОнун кеңейтилген мүмкүнчүлүктөрү бар өнөктөшү макамын алуусу үчүн көмөк кылып жаткан Германияга өз ыраазычылыгын билдирди.


Орусия 2014-жылы Украинага таандык Крым жарым аралын мыйзамсыз түрдө басып алып, андан соң Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдерге колдоо көрсөтүүсүн күчөтүп келет. Бул кырдаалда Киевдин НАТОго жана Евробиримдикке кирүүгө болгон умтулуусу ого бетер жогорулады.


Украинанын чыгышында 2014-жылдын апрелинен бери улантылып келе жаткан куралдуу жаңжалда 13 миңден ашуун киши набыт болду. (TT)

XS
SM
MD
LG