Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:28

Зеленский: НАТОго кошулуу жөнүндө референдум өткөрөбүз


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский НАТОго мүчө болуу маселесин жалпы референдумга алып чыгууга убада берди.

«Азаттык» радиосундагы маегинде ал «Украина жана анын калкы эгемен улут катары башкалардын пикирине карабастан өзү каалаган бирикмелерди тандап алууга укуктуу» экенин айтты.

- Биз ар бир украиналыкка НАТОнун эч коркунучу жок экендиги тууралуу маалымат беришибиз керек. Украиналыктар качан даяр болгондо бул маселени сөзсүз референдумга алып чыгабыз. Украина сөзсүз НАТОго мүчө болот, - деди Зеленский.

Украинанын бул уюмга киришине анын коңшусу Орусия каршы экени белгилүү. (RK)

XS
SM
MD
LG