Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:28

Өзгөндө адам өлүмүнө шектүүлөрдүн бири кармалды


Кыргызстандагы убактылуу тергөө абагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы убактылуу тергөө абагы. Иллюстрациялык сүрөт.

19-март күнү Өзгөн шаарында эки жарандын өлүмүнө шек саналып, издөөгө алынгандардын бири кармалды.

Өзгөн шаарынын тургуну, 24 жаштагы Өзгөн районунда туулган Х. А. Жазык Кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-11-пунктунун негизинде ("Киши өлтүрүүгө кошо катышуу") кармалып, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев окуяда колдонулган атуучу курал жана автоунаа табылганын кабарлаган. Азыркы учурда кылмышка шектүүнүн шериктерин кармоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

19-мартка караган түнү Өзгөн шаарында автоунаада бараткан кишилерге куралдуу кол салуу катталган. Анда айтылгандай, окуя шаардын Ленин көчөсүндө болгон. Жолдун четинде токтоп турган «Хонда Инспайер» үлгүсүндөгү машинеде отурган үч кишини таңга жуук, саат 03:15 чамасында белгисиз бирөөлөр атып кеткен.

Кол салуудан 31 жана 21 жаштагы эки жаран оор жараат алып, ооруканага бараткан учурда каза болгон. 31 жаштагы дагы бир жаран ооруканага кайрылып, бирок абалы канааттандырарлык болгондуктан кайра чыгарылган.(MrA)

XS
SM
MD
LG