Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

COVID-19: Акыркы суткада 46 адам сакайды


Бишкек шаары. Март, 2021-жыл.
Бишкек шаары. Март, 2021-жыл.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын 20-мартка карата берген маалыматына караганда, акыркы суткада 46 адам айыгып чыкты.

82 адам вирусту жугузуп алганы лабораториялык жол менен тастыкталды. Ысык-Көл облусунда бир адам илдеттен көз жумду.

Ооруга чалдыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкекте – 55 адам. Чүй облусунда 19, Ысык-Көл облусунда беш адам. Калган аймактарда коронавируска кабылгандар катталган эмес.

Ушуну менен былтыркы 18-марттан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 87 321 адамга жетти. 84 130 адам айыкты. 1488 адам оорудан көз жумду.

Стационарда 395 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 98и оор абалда, 19 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.

20-мартка карата коронавируска жети медициналык кызматкер чалдыкканы аныкталды. Бишкекте -4, Чүй облусунда – 3 кызматкер.

2019-жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон COVID-19 вирусу тез арада бүт дүйнөгө тараган. 20-мартка карата жалпы дүйнөдө дээрлик 123 млн. адам ооруга чалдыкты. 99 миллиондон ашуун адам сакайды. 2,7 миллиондон ашуун адам оорудан көз жумду.(ZKo)

XS
SM
MD
LG