Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:18

АКШда кибералдамчылык үчүн орусиялык 10 жылга эркинен ажыратылды


Орусиялык кибер кылмышкер катары шектелген Сергей Медведев тайланддык коопсуздук күчтөрү тарабынан АКШнын өтүнүчүнө ылайык камакка алынды. Бангкок. 2018-жылдын 2-февралы.
Орусиялык кибер кылмышкер катары шектелген Сергей Медведев тайланддык коопсуздук күчтөрү тарабынан АКШнын өтүнүчүнө ылайык камакка алынды. Бангкок. 2018-жылдын 2-февралы.

19-мартта (жума күнү) “Стеллс”, “сегмед” жана “сержер” (Stells, segmed, serjbear) каймана аттары менен белгилүү 33 жаштагы орусиялык Сергей Медведев АКШда жасаган киберкылмыштар үчүн он жылга эркинен ажыратылды. Медведев тарабынан түзүлгөн “Инфрод Оганайзейшн” (The Infraud Organization) хакердик тобунун ишмердигинен улам келтирилген зыяндын көлөмү 568 миллион доллардан ашты.

АКШнын Юстиция министрлигинин өз интернет барагына жарыялаган билдирүүсүнө караганда, Медведев уурдалган жеке маалыматтарды, насыя картачаларын, компьютерлердин зыяндуу программаларын жана башка мыйзамсыз товарларды жана тейлөө кызматтарын саткан “Инфрод Оганайзейшн” (“Infraud Organization”) деп аталган эл аралык кылмыштуу тобунун негиздөөчүлөрүнүн бири болгон.

Маалым болгондой, аталган уюмдун кылмыштуу ишмердүүлүгүнүн географиясы АКШнын 50 штатын камтыйт. Бул уюмдун экинчи негиздөөчүсү – украиналык Святослав Бондаренко болгон.

АКШнын Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, “Инфрод Оганайзейшн” уюму – өлкөдөгү ушул кезге чейин ири тергөө амалдары жүргүзүлгөн эң ири алдамчылык топтордун бири. 2014-жылы түзүлгөндөн бери анын мүчөлөрүнүн саны эң көп дегенде 10 миң кишиге жеткен. Бул уюмдун урааны – "Алдамчылыкка ишенебиз" (“In Fraud We Trust”) сөзү болгон.

19-мартта Медведев менен кошо уюмдун ишине ьтйешеси бар дагы бир хакер соттолду. Ал – Түндүк Македония Республикасынын жараны Марко Леопард. 31 жаштагы бул мырза (анын “Leopardmk” каймана аты бар) беш жылга эркинен ажыратылды. (TT)

XS
SM
MD
LG