Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

АКШ Орусиянын жети чалгын офицерине хакерлик боюнча айып койду


Орусиянын хакерлик үчүн айыпталган чалгын офицерлеринин АКШнын Федералдык тергөө бюросу-ФБР түзгөн тизмеси.
Орусиянын хакерлик үчүн айыпталган чалгын офицерлеринин АКШнын Федералдык тергөө бюросу-ФБР түзгөн тизмеси.

АКШ расмий өкүлдөрүнүн 4-октябрда Вашингтондо билдиргенине караганда, орусиялык аскерий чалгын офицерлери Допингге каршы агенттиктерге, ошондой эле Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмга (OPCW) каршы хакерлик кутумга катышканы үчүн айыпталууда.

Америкалык прокурорлордун айтымында, орусиялык хакерлер Допингге каршы агенттикттерди орус өкмөтү 2014-жылкы Сочи Олимпиадасы учурунда, допинг боюнча көз боёмочулукка тикелей аралашканы ачыкка чыккан соң бутага ала баштаган. Ошондой эле АКШ тараптын эсебинде орус хакерлери Пенсильванияда жайгашкан өзөктүк энергия компаниясын жана Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмду да бутага алган. Бул уюм быйыл март айында Британияда орусиялык мурдагы аскерий тыңчы Сергей Скрипалдын химиялык зат менен ууландырылуусун иликтөөгө катышкан.

- ГРУнун Химиялык куралга тыюу салуу уюмуна шардана болгон киберчабуулу Москванын акылсыз жана жоопкерчиликсиз жүрүм-турумунун эң соңкусу, - деди буга байланыштуу 4-октябрда Брюсселден АКШнын коргоо министр Жим Мэттис.

Орусиянын башкы аскерий чалгын мекемеси - ГРУнун Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмга каршы хакерлик чабуулу алдын алынганын бул уюмдун баш кеңсеси жайгашкан Нидерланддын бийлик өкүлдөрү да 4-октябрда жарыялашты. Алардын маалыматына караганда, окуя быйыл апрелде болуп, Орусиянын төрт аскердик тыңчысы Нидерланддан дароо чыгарылган.

- Биздин аскердик чалгын кызматыбыз кибер операцияны аныктап, Орусиянын төрт чалгын офицери ошол эле күнү 2018-жылдын 13-апрелинде өлкөдөн депортацияланган. Алардын жабдуусу ошол жерде калтырылган. Бул операция аркылуу Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун компьютерлик системаларына хакерлик чабуул коюлушу алдын алынды, - деди Нидерланддын коргоо министри Анк Бейлевелд 4-октябрда Гаагадагы басма сөз жыйынында.

4-октябрда ошондой эле Нидерланд менен Британиянын премьер-министрлери Марк Рютте менен Тереза Мэй биргелешкен билдирүү таратып, Орусияны “глобалдык баалуулуктарды көзгө илбей” жатканы үчүн айыпташты. Алардын билдирүүсүндө Орусиянын башкы чалгын башкармалыгы - ГРУ глобалдык коопсуздукту камсыз кылган макулдашууларды урматтабай жатканы айтылат.

Нидерландга чейин Орусиянын башкы аскердик чалгын кызматын британ өкмөтү 3-октябрда жарыяланган коопсуздук баяндамасында бир катар ири киберчабуулдардын артында турганы үчүн күнөөлөгөн. Ал чабуулдардын учурунда Батыш өлкөлөрүнүн спорттон тартып транспорттук мекемелерине чейин, ага катар шайлоо системаларынын компьютерлик түйүндөрү да бутага алынган. (UE)

XS
SM
MD
LG