Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:30

АКШ Иранга кибер чабуул койгону кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Америкалык маалымат агенттиктери Кошмо Штаттар 20-июнда Иран америкалык дронду атып түшүргөндөн бир нече саат өткөндөн кийин бул өлкөнүн аскердик компьютердик системаларына каршы кибер чабуул баштаганын жазып жатышат.

«The Washington Post» басылмасы мындай аракеттер АКШнын президенти Дональд Трамптын уруксаты менен жасалганын билдирди.

Пентагон бул маалыматтардын чын-төгүнүн азырынча айта элек.

Трамп америкалык дрондун атып түшүрүлүшүнө жооп иретинде Иранга сокку уруу буйругун бергенин, бирок чабуулга 10 мүнөт калганда токтотконун, себеби 150дөй киши өлүшү мүмкүн деген маалымат түшкөнүн билдирген.

Иран америкалык дрон 20-июнда өлкөнүн түштүгүндөгү Хормозган провинциясында атып түшүрүлгөнүн билдирген. АКШ Тегеран америкалык дрон атып түшүргөнүн ырастап, бирок окуя Ирандын аймагында эмес, Ормуз кысыгында болгонун айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG