Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

Орусиянын хакерлигин Батыш жапырт айыптады


Кибер коопсуздук жаатында адистешкен киши. 23-январь, 2018-жыл.
Кибер коопсуздук жаатында адистешкен киши. 23-январь, 2018-жыл.

Хакерлик боюнча Батыш өлкөлөрү менен Орусиянын ортосунда жаңы пикир келишпестик келип чыкты.

Орусиянын башкы чалгын кызматы - мурдагы ГРУну хакерлик үчүн Батыштын беш өлкөсү бир учурда айыптаганын Москва “өзөктүк державалар ортосундагы чыңалууну күчөтүүгө багытталган коркунучтуу жол” деп баалады.

4-октябрда Нидерланддын өкмөтү Орусиянын төрт аскердик чалгын офицерин өлкөдөн дароо депортациялаганын жарыялады, ал эми АКШ орусиялык жети чалгынчыга расмий айып таккан. Хакерлиги үчүн Москваны айыптоого Британия, Австралия, Канада да кошулган.

Батыш мамлекеттеринин жаңы дооматтары менен билдирүүлөрүнө караганда, Орусиянын башкы чалгын мекемеси же мурдагы ГРУ соңку хакерлик чабуулдарында Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмду, кызытмага каршы агенттиктерди, спорттук федерацияларды бутага алган.

Жон Демерс.
Жон Демерс.

- Алардын (аскердик чалгын офицерлеринин) бул иштеги эпчилдиги, шамдагай аракеттери, чеберчилиги кибер чабуулду үйүнөн туруп эле жасабастан, офицерлерин дипломатиялык паспорт менен чет өлкөгө да жибере алганын, мамлекет колдогон хакерлик уюмдун ресурсу экенин анык көргөзүп турат. Ошондуктан бул олуттуу коркунуч, - деди Кошмо Штаттардын башкы прокурорунун орун басары Жон Демерс 4-октябрда Вашингтондогу басма сөз жыйынында.

Америкалык прокуролор даярдаган баяндамада көргөзүлгөндөй, Орусиянын Башкы чалгын кызматынын хакерлери Гаага шаарындагы Химиялык курал боюнча лабораторияны, АКШдан Пенсильвания штатында жайгашкан өзөктүк энергия компаниясын, дүйнө боюнча улуттук антидопинг агенттиктери менен спорттук федерациялардын 35 түйүнүн, анын ичинде Кызытмага каршы дүйнөлүк агенттиктин (WADA), АКШнын Кызытмага каршы агенттигинин (USADA), Канаданын спорттогу этика боюнча борборунун (CCES), Спорт боюнча эл аралык арбитраждык соттун компьютерлик түйүндөрүн бузууга аракет кылышкан. Айыптоо кортундусунда айтылгандай, мындагы башкы максат – “Орусиянын кызыкчылыктарын мыйзамсыз таасир этүү аркылуу камсыз кылуу жана жалган маалымат таратуу” болгон.

Ал эми Вашингтон айып коюп, ФБР издөө салган жети орусиялыктын ысымдары Алексей Моренец, Евгений Серебряков, Иван Ермаков, Артем Малышев, Дмитрий Бадин, Олег Сотников, Алексей Минин деп айтылды. Булардын төртөөнү Нидерланд депортациялаган.

Орусиянын хакерлик үчүн айыпталган чалгын офицерлеринин АКШнын Федералдык тергөө бюросу-ФБР түзгөн тизмеси.
Орусиянын хакерлик үчүн айыпталган чалгын офицерлеринин АКШнын Федералдык тергөө бюросу-ФБР түзгөн тизмеси.

Орусиянын төрт аскердик чалгын офицери быйыл 13-апрелде Гаага шаарында, Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмдун компьютерлик түйүнүн бузуу аракети учурунда байкалып, өлкөдөн дароо чыгарылганын Нидерланддын бийлиги да 4-октябрда жарыялаган.

- Биздин аскердик чалгын кызматыбыз кибер операцияны аныктап, Орусиянын төрт чалгын офицери ошол эле күнү өлкөдөн депортацияланган. Алардын жабдуусу ошол жерде калтырылган. Бул операция аркылуу Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун компьютерлик системаларына коюла турган хакерлик чабуул токтотулду, - деген эле Нидерланддын коргоо министри Анк Бейлевелд.

Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюм акыркы кездери Сирияда "Орусия колдогон прездент Башар Асаддын режими химиялык курал колдонду" деген учурларды жана Британияда мурдагы орусиялык тыңчы Сергей Скрипаль жана анын кызы ууландырылышын иликтеген эле.

Нидерланддын жарыясынын алдында британ өкмөтү 3-октябрдагы коопсуздук боюнча баяндамасында ГРУну "дүйнөдө башаламандык жаратып, пикир келишпестикти жайылтыш үчүн хакерлердин түйүнүн колдонгон кибер-агрессор” деп атады.

Нидерланд менен Британиянын премьер-министрлери Марк Рютте менен Тереза Мэй биргелешкен билдирүүсүндө Орусия “глобалдык баалуулуктарды көзгө илбей”, анын аскердик чалгын мекемеси - ГРУ “глобалдык коопсуздукту камсыз кылган макулдашууларды урматтабай” жатканын белгилешти.

АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис буга байланыштуу 4-октябрда Брюсселден төмөнкүлөргө токтолду:

Жеймс Меттис.
Жеймс Меттис.

- ГРУнун Химиялык куралга тыюу салуу уюмуна койгон, бети ачылган киберчабуулу - Москванын акылсыз жана жоопкерчиликсиз жүрүм-турумунун эң соңкусу.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Батыштын хакерлик боюнча жаңы дооматтарын адегенде "фантазия" деп баалады.

- Бир флаконго баарын аралаштырышты - ГРУ да, кибертыңчылар, Кремлдин хакерлери, WADA, кандайдыр бир уулуу парфюмериянын аралашмасы, - деди орус Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова.

Кийин тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков “өзөктүк державалардын ортосундагы чыңалууну күчөтүүгө багытталган коркунучтуу жол, Орусияга каршы кошумча санкцияларга негиз жаратуу аракети" деп мүнөздөдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG