Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:43

Кибер чабуулдар үчүн Орусияга санкциялар киргизилет


Линдси Грэхем
Линдси Грэхем

Бул тууралуу АКШ сенатору Линдси Грэхем билдирди. Анын айтымында, Орусия жана президент Владимир Путинге Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоо учурундагы кибер чабуулдар үчүн санкция киргизилет.

Грэхемдин 28-декабрда Латвияда билдирүүсүнө караганда, 8-ноябрдагы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишүүсүн Конгресс иликтейт. Кандай санкциялар киргизилерин Грэхем атаган эмес. Орусия АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишти деген айыптоолорду четке кагып келет. Грэхем сенаторлор Жон Маккейин жана Эми Клобукер менен бирге Балтикадан кийин Украина, Грузия жана Черногорияда болмокчу. (AiT)

XS
SM
MD
LG