Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:17

Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу тууралуу жарлыкка кол коюлду


Бадам жана мисте бактары жер кыртышын бекемдейт. Иллюстрациялык сүрөт.
Бадам жана мисте бактары жер кыртышын бекемдейт. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 19-мартта «Экологиялык коопсуздукту жана климаттык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Ага ылайык, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, улуттун саламаттыгын сактоо, элдин жана келечек муундардын кызыкчылыгы үчүн өлкөнүн жаратылыш байлыктарын коргоо, айлана-чөйрөнү жакшыртуу, туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү жана климаттык тобокелдиктерди азайтуу максатында атайын токтом чыкты. Токтомдо жогорудагы маселелерди чечүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин, коомдук жана башка уюмдардын, жалпы жарандардын милдети болору белгиленген.

Мындан тышкары өкмөткө атмосфералык абанын булгануусун азайтуу, абанын булганышын көзөмөлдөөчү ченемдик-усулдук базаны карап чыгуу, электр энергиясы жана газ колдонулган транспорт каражаттарын көбөйтүүгө шарт түзүү, 20 жылдан ашкан унааларды пайдалануудан баш тартууга дем берүүчү чараларды көрүү тапшырылды. Ошондой эле өкмөт калктуу конуштардагы абанын циркуляциясын камсыз кылуу үчүн бийик имараттарды куруу ченемдерин карап чыгуусу, жашылдандырууну көбөйтүүсү, таштандыларды кайра иштетүүчү чараларды көрүүсү тийиш.

Өкмөт ошондой эле агынды суулардын жагымсыз таасирин кыскартып, мөңгүлөрдү сактоо, табигый экосистемаларды калыбына келтирүү жана кайталангыс биотүрдүүлүктү сактоону камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү.

Бишкек 2020-жылдын ноябрынан тартып дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаарлардын биринчи сабына чыккан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG