Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:52

«Ала-Арча» мамлекеттик мекемесинде 3,7 млн. сомдук жылкы менен топоз жок болуп чыкты


Кыргызстандагы жылкы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы жылкы. Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу «Ала-Арча кыргыз мамлекеттик жаратылыш паркы» мамлекеттик мекемесинин балансында турган малдын иш жүзүндөгү жана документалдык санын салыштыруу учурунда, 39 баш жылкы жана 26 баш топоз жетишпегени аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Тергөөдө такталгандай, жооптуу адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 3,7 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Расмий билдирмеде, мамлекеттик мекемеде жалпы канча жылкы жана канча топоз бар экени көрсөтүлгөн эмес.

Факт боюнча Жазык кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү («Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу») кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш катталды.

Учурда УКМК тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларды жүргүзүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG