Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

Нооруз жөнүндө күтүүсүз буйрук


Кыргыз Республикасында 2018-жылдын 21-мартында өткөн Нооруз майрамы. (Фото архивден)
Кыргыз Республикасында 2018-жылдын 21-мартында өткөн Нооруз майрамы. (Фото архивден)

Совет мамлекети тушунда тыюу салынган Нооруз майрамын жөнүндө буйрукка мындан дээрлик 1 кылым мурда Түр­кес­тан АССРинин Борбордук аткаруу комитетинин жетекчилиги кол койгон. Архивдик материалдардан табылган бул баалуу таберик тууралу айтып бермекчибиз.

Билген адамга архив дүйнөсү - кереметтүү, кызыктуу, так маалы­мат­­­тар, кол жазмалар, кино-фото документтер дүйнөсү. Алардын чыныгы баалуулугун архивде олтуруп, документтерди таап, тийиштүү түрдө иликтеп, алардын чыныгы маани-маңызын түшүнө алган, кызыгына батып, аларды кеңи­ри окуучулар аудиториясына жеткире алган гана адамдар билет.

Мына ошондой архивдик бир документти окурмандардын назарына тартуу­лагыбыз келди. Кеңеш доорунунда Нооруз майрамын эски замандын калдык­тарына, диний көз-караштарга байланыштырып, Орто Азия элдеринин эски үрп-адаттарын, салт-санааларын, социалисттик маданиятка жат көрүнүш­төр­дү камтыйт деген кине менен 70 жылга жакын майрамдалбай келге­ни талаш­сыз.

Ал эми расмий бийликтер, большевиктер, кийинчерээк комму­нист­тер партиясы Ноорузду майрам­доо­го расмий тыюу салып кел­гени да тарыхый чындык. Бирок качан, ким тарабынан, кайсы чечимдин негизинде Ноорузду майрамдоого тыюу салынганы тууралу расмий токтом же буйрук чыкканы белгисиз. Кыязы “бөрк ал десе баш алган”, ашынган идеологдор, атеисттер, партиялык кызматкерлер өз ээлеген жетекчилик кызматтарына зыяны тийбесин дегенсип, Нооруз майрамын уюштуруп, өткө­рүү­дөн тарты­нып, чочуп, коркуп, аны өткөрүүгө тыюу салып келишкен. Ошентсе да дал ошол Кеңеш доорунун башатында кээ бир эр азаматтар, өз элинин, мамлеке­ти­нин улуттук кызыкчылыгын, маданий баалуулугун, ата-бабалардан калган мурастарын, эл сүйгөн жана күткөн майрамды расмий түрдө сактап калууга аракет кылган көрүнүштөр жок эмес. Буга далил биз сунуш кылып жаткан Нооруз майрамы тууралуу расмий буйрук.

Колубузда дал ошол мамлекеттен дин бөлүнүп, өлкөдө ашыкча атеист­тик маанай күчөй баштаган, формасы улуттук, маңызы социалисттик мада­ният курула баштаган Кеңеш доорунун башатындагы, Түркестан АССРинин рас­мий жогорку бийлик органы Түркестан АССРинин Борбордук Аткаруу Ко­ми­тетинин чыгарган кызыктуу да, талаштуу да токтомунун негизиндеги буй­ругу бар.

Анда Нооруз майрамына тыюу салын­бай эле, кайра расмий түр­­дө бүткүл элдик майрам катары майрамдоо баса бел­ги­ленген. Бул мурда­гы маданий мурасты сактап калуунун алгачкы расмий аракеттеринин бири. Баса, мындай расмий буйруктар СССР кыйрап, эгемендүү жана көз каран­дысыз мамлекеттер пайда болгондон кийин кайра жанданганы да белгилүү.

Ноорузду майрамдоо боюнча Түркстан АССРинин Борбордук аткаруу комитети 1920-жылы 20-мартта чыгарган буйрук.
Ноорузду майрамдоо боюнча Түркстан АССРинин Борбордук аткаруу комитети 1920-жылы 20-мартта чыгарган буйрук.

Бул буйруктун кызыгы, жаңы саясий система, жаңы бийлик, жаңы мада­ният күчөп жатканда, эски, кылымдарды карыткан маданий мурасты, элдик эс тутумдагы майрамды кайрадан жандандырууга болгон расмий бийликтин аракети экендигинде. Ошентип, Нооруз майрамы тууралуу атайын №26 буй­рук 1920-жылдын 20-мартында азыркы Борбордук Азия чөл­кө­мүнүн дээрлик баардык титулдук элдери кир­ген Түркес­тан АССРи­нин Бор­бордук Аткаруу Комитетинин токто­муна ылайык Ташкент шаарында чыккан.

Бул буйрукка ошол кездеги Түр­кес­тан АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин төр­ага­сы Т.Рыскулов, катчы С.Абдуллаев (биз ошондой окудук –авт.) кол коюш­кан. Аталган буйруктун эң негизги максаты - кылымдар бою көптөгөн чыгыш элдери майрамдап келген “Нооруз” РСФСРдин курамындагы Түркестан АССРи­нин айма­гында расмий түрдө бүткүл элдик майрам “Жаздын баш­талы­шы” - Нау­руз деп атайын токтом менен жарыяланган­ды­гын­да. Бул буй­рук­­ту баардык Өк­мөт­түк ишканаларга телеграф, телефон менен жеткирүү милдет­тен­дирилген.

Аталган буйруктун талаштуу жагы негедир ошол жылы бүт­күл элдик май­­рам Нау­руз - Нооруз 22-март кү­нү деп эсептелген. Эмне үчүн ошол жы­лы 22-март деп жарыяланганын рас­мий документтерден тактоо­го мүмкүн болгон жок. Балким, ошол учурдагы би­лер­мандардын божо­молу, айтуусу боюнча жыл тогошу же айлар того­шунун натыйжасында ошол күнгө туура келгендир. Мүмкүн, буйрук чыгаргандар кээ бир элдер Нооруз майрамын 3 күндөн 13 күнгө чейин майрамдашат деген салтты эске алышкандыр. Кант­се да буйрукта майрам күнү катары 22-март белгиленген.

Демек, талаш деге­­нибиздин себеби, бардык мезгилдерде, доорлордо чыгыш элде­ри Нау­руз – Нооруз майрамын табиятта күн менен түн теңелип, жаңы күн, жаңы жыл, жаңы жашоо башталган күн катары 21-мартта майрамдап келиш­­кен. Кандайдыр бир себептер менен Түркестан АССРинин Борбордук аткаруу комитети бул майрам күнүн атайын токтом, буйрук менен 22-мартка жылдырганы түшүнүксүз.

Жерге-Тал: Жумуртка мелдеш
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:15 0:00

Эң негизгиси - жаңы бийлик, жаңы саясий система менен жаңы турмуш, жаңы идеология кошо келип, жергиликтүү элдердин тарыхый өнүгүүсүндө зор бурулуштар пайда болуп, мурдагы улуттук баалуулуктардын, маданий мурастардын, ата-баблардан калган элдик каада-салттардын, үрп-адаттардын көбүнөн баш тартууга туура келип жаткан кезде, кандай болсо да мурда бүткүл элдик, мамлекеттик деңгээлде майрамдалып жүргөн майрам­ды сактап калууга болгон аракет катары түшүнсө болот деген ойдобуз.

Биздин колго жеткен бул тарыхый документ биз үчүн абдан маанилүү. Келе жаткан Ноо­руз майрамыбызды дал ошол күчөп келе жаткан жаңы идео­логия, атеизмдин кандуу кучагынан сак­тап калууга болгон, жергиликтүү бийлик эгедерлеринин, аткаминерлеринин, келечектеги улуттук мамлекет­тердин негиздөөчүлөрүнүн колдон келген аракети катары бааласак болот.

Пикирибизде ошол кездеги Түркестан АССРинин БАК төрагасы, чыгаан мамле­кеттик жана сая­сий ишмер Т.Рыскулов саясий, идеологиялык, атеисттик кыр­даал­ды туура түшүнүп, жергиликтүү элдердин эң маанилүү майрамы Ноо­рузду сактап калуу үчүн ушундай кадамга барышы мүмкүн десе да болот.

Ачы­гын айтыш керек, архивге бир кирип алсаң, ал өзүнчө эле кенч, ар тараптуу, түбү­нө жете алгыс чыныгы тарыхый мурастар байлы­гы. Улам-улам жаңы маалы­мат­тар­­ды таап окуган сайын кызыгууң артат. Архивдердеги убакыттын изи кал­ган, барактары саргарган документ­тердин ар бири адамды өзүнө тар­тып, сыйкырчыдай арбыйт.

Жогоруда белгиленгендей Нооруз майрамы Кеңеш доорунун мезгилин­деги 20-жылдарын ортосунан баштап өксүй, акырындык менен унутула түш­көнү, кийинчерээк таптакыр тыюу салынганы маалым. Улуу муундардагы­лар жакшы билет - Кеңеш доорунун расмий майрамдарынын тизмегинде Нооруз май­рамы болгон эмес. Кийин гана кайра куруу мезгилинде, 1986-жылдан баш­тап бул бүт­күл элдик майрам кайрадан жандана баштаган.

Кыргызстанда 1991-жылы 1-февралда Жогорку Кеңеште расмий түрдө майрам катары кабыл алынып, ошол кездеги президенттин чечими менен расмий түрдө бүт­күл элдик майрам катары жарыяланып, ар жылы 21-мартта Нооруз май­рамы кеңири белгиленип келе жатат.

Архивдердин дагы бир өзгөчөлүгү алардагы фонддордун ма­те­риалдарынан кээде күтүлбөгөн, мурда такыр белгисиз болгон та­рыхый, саясий, социалдык-экономикалык жана маданий маанидеги маалыматтарды тапсак, кээде илик­тенип бүттү деген маселедеги мур­да белгисиз, иликтенүүчү маселенин дагы бир жагын толуктап, ачып көрсөткөн тарыхый булактарды табабыз.

Кандай болсо да бул документ, алдыдагы Нооруз майрамын эл эсинде сактап калууга болгон, Кеңеш доорунун алгачкы жылдарындагы бир ара­кеттин күбөсү экени талашсыз. Канча заман, доор, бийлик өзгөрсө да, эч өз­гө­рүүсүз калган, канчалаган тыюу салуулар болсо да майрамдалып келген, элдин эсинен чыкпай, аруулуктун, тазалыктын, жаңылануунун майрамы ка­та­ры келе жаткан жаркын, жаз майрамы Нооруз болгону талашсыз.

Маалым болгондой 2009-жылы 30-сентябрда ЮНЕСКОнун адамзаттын материал­дык эмес маданий мурастарынын тизмесине Нооруз майрамы бүткүл адамзат­тын маданий мурасы катары киргизилген. Кийинки жылы 2010-жылдын 23-февралында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ас­сам­блеясынын 64-сессиясы Нооруз майрамы “бардык элдердин эл ара­лык майрамы” деп чечим чыгарган резолюция кабыл алган.

Нооруз майрамыңыздар менен урматтуу мекендештер!

Байболот Абытов, тарых илимдеринин доктору, профессор, ОшМЮИнин илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча проректору

Автордун көз карашы "Азаттыктын" пикирин билдирбейт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG