Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:02

Бишкектеги Нооруз салтанаты


Нооруз майрамына арналган салтанатта мамлекет башчысы жалпы журтту жаз майрамы менен куттуктап, дүйнөлүк кризиске карабай өлкөдө 50 миң жумушчу оруну түзүлөөрүн айтты. Салтанатка келген катардагы адамдардын арасында президенттин убадасына ишенбегендер да болду.

-«Алас, алас, алас,
Ар балээден калас!
Кулпунуп жериң көгөрсүн,
Үй-бүлөң кутка бөлөнсүн.
Ата Журт даңкын арттырган,
Уул-кыздар төрөлсүн!»

Майрамдык салтанат Умай Эненин мына ушундай каалоо-тилектери менен башталды. Бишкектеги өздүк көркөм чыгармачылыгынын катышуучуларынын, көркөм өнөр ээлеринин, балдардын бий топторунун аткарган шаңдуу ыр-бийинен соң, шаар башчысы Нариман Түлеев өлкө башчысы Курманбек Бакиевге сөз берди.

Президент өз сөзүндө Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктап, алдыда аткарылуучу иштерге да токтоло кетти.

- Дүйнөлүк кризиске байланышкан кыйынчылыкка карабастан, быйыл биз 50 миң жаңы жумушчу орун түзүүнү, бир катар ишканаларды жандантууну көздөп жатабыз. Биз эскирип бүткөн башкаруу системасын жаңылоого киришип, дүйнөлүк тенденцияны мыкты билген уул-кыздарыбызды четинен мамлекеттик башкаруу чөйрөсүнө тарта баштадык.

Президент ошондой эле калктын бөлүнүп-жарылышына жол берилбестигин баса белгиледи.

- Ноорузду тосуп жатып бөөдө кырсыктардан, суук көздөр менен сөздөрдөн оолак бололу деген аруу тилекти айткым келет. Бир ууч калкыбыздын чачылышына, бөлүнүп-жарылышына мамлекет башчысы катары мен жол бербеймин.

Курманбек Бакиев Нооруз күнү эски ызаны эстен чыгарып, жан дүйнөнү кастык сезимден арылтууга, ызаат менен мамиле кылууга, чачуу эмес, жыйноо жолуна түшүүгө үндөдү.

Майрамдык салтанатка катышкан Бишкек шаарынын тургуну Сагын Рысалиев төрт жылдан бери жаңы ишканалар ачылбаганын, жумушчу орун түзүүнүн ордуна кыскартуулар көбөйгөнүн айтып, президенттин айткандарына ишенбестигин айтты:

- Мен президенттин айткандарына ишенбейм. Жана 50 миң жаңы жумушчу ордун түзөбүз дебедиби. Бул айткандары жомок. Ишенбейм. Президент андан көрө кабинеттен чыгып, шаар четиндеги эле жашап жаткан карапайым калктын жашоосу менен жакындан таанышып чыксынчы, азыркы чыныгы жашоону көрүп, ойго келмек болчу.

Ал эми Мурзаим Разыкова аттуу дагы бир тургун президент Ноорузда айткан убадаларын аткарып, мамлекеттик кызматтарга жаштарды тартат деген ишенимде:

- Президент айткандай жаштарды мамлекеттик кызматтарга тартууга, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө болот. Инвестицияларды тартып завод-фабрика, ишканаларды иштетсе болот. Анан неигзинен айыл-чарбасын көтөрүүгө, Кыргызстандагы айдоо жерлерди толук иштетүүгө көңүл бурса.Биринчиден жумушсуз жаштардын саны кыскарып, азык-түлүк маселеси чечилмек. Мына жаз келди Баба дыйкан чакырып жаткандай айдап-себүүнү өкмөт колго алуусу зарыл.

Башына ак элечек, оймолуу кемсел кийген №17 лицейдин мугалими Нурайым Ибраимова элдик Нооруз майрамында улуттук кийим кийип чыгууга үгүт жүргүзүп салтка айландырса, үрп-адат, эне тилдин өнүгүүсүнө өбөлгө болот эле деген тилегин билгизди.

- Мен Ноорузга атайын ушундай улуттук кийим кийип келдим. Көчөдөн көргөндөр суктанып карашууда. Эгерде биз ушундай элдик майрамдарда улуттук кийимдерибизди кийип чыга турган болсок, жаштарга дагы жакшы тарбия болот эле. Азыр улуттук үлгүдөгү заманбап, жаңы үлгүдөгү кийимдерди эмне үчүн жайылтууга болбосун. Улуттук кийим, каада-салт, үрп-адатты жайылтууга мен кыргызмын дегендер жапа тырмак киришсе, Нооруздун көркү мындан да сонун болуп ачылып, шаңына-шаң кошулмак.

Борбордук Ала-Тоо аянтына Ноорузду тосуп, майрамдап келишкен шаар тургундарына майрамдык маанайын билүү максатында микрофон сунганымда алардын ой-пикири тмөндөгүдөй болду.

Закир: – Президент майрамдык куттуктоосундагы каалоо-тилектерин жакшы айтып берди. Элибизди жакшылыкка үндөдү. Мындан башка эмне айтмак эле.

Гүлбара: – Майрам абдан шаңдуу өтүп жатат. Президент 50 миң жумушчу ордун түзөбүз дебедиби. Жолдошумдун жумушу жок эле. Менде үмүт пайда болду.

Таалайбек: Президенттин айткандары калп. Булар ушинтип эл алдында кооз сөздөрдү, убадаларды айта беришет. Мен алты айдан бери жумуш таба албай жүрөм. Каяктагы жумушчу орун.

Малика: – Бөлүнүп-жарылууну саясатчылар эле чыгарбаса, карапайым калк ынтымактуу эле. Биздин көчөдө бардык аймактардан келишкен кыргыздар барбыз. Ынтымактуу элебиз. Кечке маал чогуу Ноорузду майрамдайбыз.

Уриса: – Нооруз - жаңы жылыбыз жакшы болсун. Элге тынччылык, береке-байлык, токчулук каалайм. Майрам жакшы өтүп жатат.

Рыскул: – Колунда барлар, соода-сатык кылгандар, жумушу барлар жакшы майрамдап жатышат. Ал эми колунда жокторго кайдагы майрам. Айрым үй-бүлөдө беш бала окуса, анын экөөнүн бут кийими жок мектепке барбагандары кездешет.

Бул күнү Бишкектеги айрым окуу жайларда, жаңы конуштарда дагы Нооруз майрамы белгиленип, улуттук оюн-зооктор уштурулду.

Эзелки Нооруз майрамы Кыргызстанда 1989-жылдан бери расмий түрдө белгиленип келет.

Нооруз: Майрам шаңы - сүмөлөк
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:00 0:00

XS
SM
MD
LG